БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жакында эле Москва шаарында "Патриот" зордукчулар тобунун мүчөсү деген шек менен кармалган кыргызстандык жарандын артынан топту колго түшүрүү боюнча иш активдүү кетчүдөй болуп турат.
Москва шаарынан Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Аскат Алиев топтун мүчөлөрү жакын арада кармалат деген маалымат берди. Бирок бул жаатта жабырланган кыздарды табуу кыйынга туруп жаткандыгын кошумчалады.
"Патриот" тобу негизинен Екатеринбург шаарында жүрөт экен. Кеп алардын кордук көргөн кыз-келиндер милицияга кайрылбай жаткандыгында болууда. Биз интернетке чыгып кеткенден соң гана кыздарды издеп жатабыз. Маселен, алардан ыдык көргөн баткендик кызды Екатеринбургдан араң таптык. Иш жүрүп жатат. Жакында аларды кармайбыз", — деди Алиев.
Анын айтымында, колго түшкөндөн кийин, "Патриоттор" бир нече беренелер боюнча айыпка илинчүдөй.
Кыздар демекчи, Sputnik дал ошол Москва шаарында жашап, иштеп жаткан кыздарды кепке тартты.
"Андай "Патриотторду" интернет баракчаларынан эле көрүп, укпасам, беш-алты жылдай жүрүп Москвада өз көзүм менен күбө болгон жокмун. Жеке пикиримде аялзатын өзгө журтта уруп, согуп, видеого тартып, ааламторго жүктөө бул — акмакчылык, түшүнүктүн тардыгы", — деди Москвада иштеп жүргөн Анипа Саидова (аты өзгөртүлдү).
Анткен менен "Патриоттордун" пайда болушу менен Россиянын шаарларында, анын ичинде Москвада иштеп жүргөн кыздардын чочулоосу, кооптонуусу пайда болгон. Алардан кыз-келиндер скинхеддерден кем калбай корко турган болуп калышканын маектешибиз төмөнкүчө айтып берди.
"Патриоттордун" жасап жаткан иштерин угуп, шумдуктуудай видеолорун, жасаган кордуктарын көргөндөн кийин кооптонуу жаралбай койбойт экен. Анткени, биз көп улуттуу, орустардын борбору — Москва шаарындабыз. Иш жүзүндө, башка маселерде ар кайсы улуттардын жарандары менен баарлашканга туура келет. Анан ошол пикирлешкен адамың, же болбосо иштеген шеригиң башка улуттун өкүлү, анын үстүнө эркек болуп калса андан бетер чый-пыйың чыгат. "Патриоттор" көрүп, дароо жаман ойго албасын да, бир балээге аралаша кетпейин деп, алыстаганга шашабыз", — деп ымандай сырын айтты Анипа.
Кыздарды кордоп, бирок жүзүн жашырып ачыкка чыгууга эрки жетпеген "Патриоттор" туурасында чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз улутундагы эркек балдардын пикирин сурап, кепке тарттык. Малайзиядагы жогорку окуу жайлардын биринде окуп жаткан Дастан Мамытов патриот болуп көрүнүп, кыздарды кордогондук жигитчиликке жатпасын айтат. Бул юридикалык жактан да мыйзамсыз деген пикирде.
"Өзүн "патриот" деп атап алгандардын буга чейинки кылыктары туура эмес жана мыйзамсыз. Биринчиден, тарбиялоонун жолу ур-токмок менен чечилип кетет деп ойлобойм. Ошол кыздар Россияга, анын ичинен Москва шаарына тиричилик кылуу, иштеп акча табуу үчүн барышат. Ал кишилер чоочун бирөөлөрдүн жеке турмушуна киришүүгө акысы жок. Алар ошондой күчтүү болушса, өздөрүн жигитче алып жүрүп, жүзүн ачык көрсөтүп, башкаларга үлгү болгудай иштерди жасаганы туура болмок", — деди Мамытов.
ИИМдин маалыматында, бул зордукчул уюмдун пайда болгонуна үч жылга жакындап калды. Ал арада бир нече видеолорду интернетке таратып, көп кыз-келиндердин үшүн алган.
Россиялык ЖМКлардын маалыматында, алардын туруктуу саны 15 кишинин тегерегинде жана негизинен аймакташ болгон региондордун өкүлдөрүнөн куралган.