Сарпашев шайлоого карата "Өзүңдү тизмеден текшер" акциясы 16-сентябрда аяктайт

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы биометрика тапшыруу 19-сентябрда аяктай турганын, андан кийин шайлоого байланыштуу 15 күндүк тыныгуу болорун билдирген.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. "Өзүңдү тизмеден текшер" акциясы эртең, 16-сентябрда аяктай турганын биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев шайлоо участкасында тизмеден өзүн текшерүү учурунда билдирди.

Шайлоочулар менен жолугушууда Сарпашев бүгүнкү күн] 800 миң шайлоочу өзүн тизмеден текшерип кеткенин, он күнгө созулган республикалык масштабдагы акция эртең аяктай турганын белгиледи.

"Иш-чара техникалык мүчүлүштүктөрдү аныктоого жардам берди. Алар шайлоого чейин оңдоп-түзөтүлөт", — деди биринчи вице-премьер.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо иши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биометрикалык маалымат тапшыргандардын саны 2,7 миллиондон ашты
Муну менен бирге Сарпашев биометрикалык маалымат чогултуу жараяны 18-сентябрь күнү саат 18.00дө аяктай турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы биометрика тапшыруу 19-сентябрда аяктай турганын, андан кийин шайлоого байланыштуу 15 күндүк тыныгуу болорун билдирген.

Ал эми биометрикалык маалыматын тапшырбаган жаран шайлоого катышуу укугунан ажыратылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0