Нарын шаарынын окуучулары Казакстанда өткөн сынакта үчүнчү болушту

© пресс-служба МВД КРКазакстандын Кустанай шаарында өткөрүлгөн Эл аралык XV "Жол кыймылынын жаш инспектору" сынагында Нарындын окуучулары
Казакстандын Кустанай шаарында өткөрүлгөн Эл аралык XV Жол кыймылынын жаш инспектору сынагында Нарындын окуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жол кыймылынын жаш инспектору" сынагында байгелүү орунду ээлеген окуучуларга Ички иштер министрлигинин атайын буйругу менен Ардак грамотасы жана миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Казакстандын Кустанай шаарында өткөн Эл аралык XV "Жол кыймылынын жаш инспектору" сынагында Нарындын окуучулары үчүнчү орунду ээлешти. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Аталган конкурска 18 команда катышкан. Нарын шаарындагы №7 Матен Сыдыков атындагы орто мектебинин 10 окуучусунан турган "Виктория" командасы байгелүү орунду ээлегени үчүн КР Ички иштер министрлигинин атайын буйругу менен Ардак грамотасы жана миң сомдон акчалай сыйлык менен сыйланды.

Лампочка с розеткой. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык энергетика кызматкерлери эл аралык сынакка катышат
Ошондой эле, "Виктория" командасына Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын "Милициянын жаш достору отряддарынын" өтмө туусу тапшырылды.

Мындан ары, Нарын ОИИБнын буйругу менен жыл сайын облустун аймагындагы билим берүү мекемелеринде уюшулган "Милициянын жаш достору" жана "Жол кыймылынын жаш инспекторлору" командаларынын окуучулар арасындагы укук бузуулардын алдын алууга кошкон салымы жана үлгүлүү жүрүм-турумдары үчүн алдыга чыккан мектепке жогорудагы Нарын ОИИБнын өтмө туусу тапшырылат.

Үч жолу катары менен утуп алган командага өтмө туу түбөлүккө калтырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0