Сариев өкмөт аппаратын жана министрлерди саат 20.00гө чейин иштөөгө милдеттендирди

Жазылуу
Мындай чечимин премьер-министр парламенттик шайлоо, кыш мезгилине даярдык, жаңы ишканаларды ачуу сыяктуу "алдыда көп иштер бар" экендиги менен түшүндүрдү.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Өкмөттүн аппараты жана мүчөлөрү кечки саат 8.00гө чейин иштей турганын премьер-министр Темир Сариев Twitter тармагындагы баракчасында билдирди.

Кыргызстанда сегиз сааттык иш күнү бекитилген. Ага ылайык, республикадагы министрлик менен мекемелер 9.00дөн 18.00гө чейин же 8.00дөн 17.00гө чейин иштейт.

Сариев: добуш албай калгандар чычалабай, шайлоо жыйынтыгын таанышы керек
Мындай чечимин премьер-министр парламенттик шайлоо, кыш мезгилине даярдык, жаңы ишканалардарды ачуу сыяктуу "алдыда көп иштер бар" экендиги менен түшүндүрдү.

Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова Sputnik агенттигине бул жаңылык өкмөт аппаратына, министрлик менен мекемелердин жетекчилерине жана өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө тиешелүү экенин түшүндүрдү.

Анын айтымында, премьер-министр өз чечимин өкмөттүн аппараттык жыйынында билдирген. Атка минерлер бул тартип менен 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо өткөнгө чейин иштешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0