ИИМ башчысы Турганбаев Минскиге учуп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековИчки иштер министри Мелис Турганбаев. Архив
Ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын министрлери катышат.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Ички иштер министри Мелис Турганбаев КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ башчылары кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Белоруссияга учуп кеткенин аталган мекеме билдирет.

Маалыматка ылайык, Минск шаарында 2-сентябрь күнү ИИМ министрлеринин 43-жыйыны өтөт. 

Иш-чарага Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын министрлери катышат.

"Жыйындын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын өз ара кызматташуусу, киберкылмыштуулукка, унаа уурдоо, психотроптук жана баңгизаттарды айлантууга каршы аракеттер талкууланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чарада бир катар документтерге кол коюу жана эки тараптуу жолугушуулардын болушу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0