Кыргызстан менен Тажикстандын прокурорлору чек ара боюнча макулдашууга кол коёт

Жазылуу
Жыйындын жүрүшүндө кылмышка, анын ичинде коррупция, экстремизим жана терроризмге, ошондой эле баңгизаттардын аткезчилигине каршы күрөшүү боюнча маселелер талкууланат.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаева КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы прокурорлорунун координациялык кеңешине катыша турганын аталган мекеме билдирди. 

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: Атамбаев башка президенттердин чек ара боюнча кемчиликтерин жоюуда
Иш-чара 27-август күнү Казакстандын борбору Астана шаарында өтөт.

Жыйында кылмышка, анын ичинде коррупция, экстремизим жана терроризмге, ошондой эле баңгизаттардын аткезчилигине каршы күрөшүү боюнча маселелер талкууланышы күтүлүүдө.

Аталган сапардын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын Башкы прокурорлору эки мамлекеттин чек арасындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүдө өз ара аракеттешүү жөнүндө макулдашууга кол коюшат.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлары да болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0