БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Боом капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек – Балыкчы жолунун 131-чакырымында тоодон эшилип түшкөн кум, шагыл толугу менен тазаланганын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы маалымдады.
12-августта Боом капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек – Балыкчы жолунун 131-чакырымында тоодон кум, шагыл эшилип түшүп, жолду тосуп калган. Анын узундугу 30 метрди түзүп, бийиктиги 20-25 метрге жеткен. Анын кесепетинен жолдун эки тарабы тең тосулуп, автотыгын пайда болгон. Көп деген акырымга созулган автотыгын түн ортосунан тарта суюлган.
Маматалиевдин айтымында, тазалоо иштери түнү бою жүрүп, таңкы саат алтыга чейин улантылган. Учурда жол эки тарапка тең толугу менен ачылды.
"Биринчи кезекте түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн элден кечирим сурайбыз. Азыр жарандар тоскоолдуксуз өтө алышат. Учурда Транспорт жана байланыш министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуянын чоо-жайын иликтөөдө", — деди вице-премьер-министр.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, эшилип түшкөн тоо тектеринин көлөмү 12 миң кубометрди түзгөн.