Башкы штаб: испаниялык алты альпинист тирүү, бирөөсүнүн өлүгү Ошко жеткирилди

Жазылуу
Алдын-ала маалыматтарга караганда, топтун 7-мүчөсү Хосе Хернанде жүрөгү кысылып, көз жумган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын авиация күчтөрүнүн учкучу Ленин чокусунун этегинен испаниялык альпинисттердин алтоосун тирүү, бирөөсүнүн сөөгүн алып чыкты. Бул туурасында Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди.

"Алдын-ала маалыматтарга караганда, топтун 7-мүчөсү Хосе Хернанде жүрөгү кысылып, көз жумган", — деп билдирди маалымат кызматы.

Альпинисттердин тобу Ленин чокусуна чыгышкан, аларды алып чыгуу деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте Ачык-Таш аянтчасында ишке ашырылган. 

"Бул жолу подполковник Курбановдун жетекчилигиндеги экипаж, учкуч-инструктор Гармашев, борт техниги Баталгазиевдер иштеди", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Буга чейин 2-августта ушул эле экипаж подполковник Алишер Курбановдун жетекчилиги алдында каза болгон төрт альпинист – үч россиялык жана бир поляктын сөөгүн алып келишкен. 

Жыл башынан бери Кыргызстандын Башкы штабы тарабынан куткаруу үчүн 30дан ашык учуулар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0