Сариев Боом капчыгайындагы окуя боюнча шашылыш жыйын өткөрдү

Жазылуу
Өкмөт Боом капчыгайындагы жүргүнчүлөрдү дүрбөлөңгө түшпөөгө жана сабырдуулукка чакырды

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Боом капчыгайындагы кум, шагылдын кулоосу боюнча шашылыш жыйын өткөрүп, кооптуулукту азайтуу боюнча тиешелүү тараптарга тапшырма берди. Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Боомдо кулаган таштан жабыркагандар жок
Учурда Транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев менен Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов окуя болгон жерге чыгып кетишти. 

Ал эми вице-премьер-министр Маматалиевге болгон техниканы пайдаланып, жолду тазалоону Сариев тапшырды.

Өкмөт Боом капчыгайындагы жүргүнчүлөрдү дүрбөлөңгө түшпөөөгө жана сабырдуулукка чакырды деп кошумчалады Бакыт Асанов.

Бүгүн Боом капчыгайында жолунда таш кулап, кум, шагыл эшилип түшүп, жол тосулуп калганынын ӨКМ билдирген. 

Социалдык тармактарда, окуя болгон жерде  эл автоунааларын таштай, дүрбөлөңгө түшүп качып баратканы тартылган видео тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0