Атамбаев өзөктүк программалар боюнча сүйлөшүүлөрдүн аякташы менен Роуханини куттуктады

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүИрандын Президенти Хасан Роухани. Архив
Ирандын Президенти Хасан Роухани. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев мындан ары да биргелешкен иш-аракеттерге даярдыгын белгилеп, Ирандын президентинин мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын Президенти Хасан Роуханини өзөктүк куралдар боюнча бардык аракеттерди камтыган бирдиктүү пландын кабыл алынышы менен куттуктады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

"2015-жылдын 14-июлунда Вена шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер Ирандын экономикалык өсүшүнө, ошондой эле жалпы региондогу жана дүйнөдөгү стабилдүүлүккө, коопсуздукка, өсүп-өнүгүүгө түрткү берүүчү тарыхый чечимдер", — деп айтылат Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунда.

Атамбаев мындан ары да биргелешкен иш-аракеттерге даярдыгын белгилеп, Роуханиге бекем ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттин ишине ийгиликтерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0