Бүгүн Ала-Букадагы "Бозумчак" кени ачылып, ишин баштайт

© Sputnik / Редлих / Медиабанкка өтүүАлтын. Архив
Алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттердин баасы боюнча, анда 146 миң тонна жездин, 23 тоннадан ашык алтындын жана 138 тоннага чукул күмүштүн кени бар.

БИШКЕК, 1-авг.— Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы "Бозумчак" кениндеги "Казакмыс Голд Кыргызстан" тоо-кен ишканасы ачылып, салтанатка өкмөт башчысы Темир Сариев катышат. Бул туурасында, өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Бозумчак": элди ишке алуу өзгөрбөйт, ал эми жолду мамлекет асфальттамай болду
"Бозумчак"— учурда кыргыз өкмөтү экономиканын абалын жакшыртууга болот деп үмүт артып турган көлөмү боюнча "Кумтөрдөн" кийинки кен. Компания жетекчилиги жылына бир миллион тонна руда иштетерин айткан. 

"Бозумчак" жез-алтын кени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагында жайгашкан. Эксперттердин баасы боюнча, анда 146 миң тонна жездин, 23 тоннадан ашык алтындын жана 138 тоннага чукул күмүштүн кени бар. Кенди казакстандык "Казакмыс" корпорациясынын "Казакмыс Голд Кыргызстан" компаниясы 2008-жылдан тартып иштетип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0