Таластык Нурсултан Назарбаев жана Жалал-Абаддагы Дмитрий Медведев

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүУлуттук кийим кийген кыздар. архив
Улуттук кийим кийген кыздар. архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чынында Кыргызстанда Валерий Леонтьев, Владимир Высоцкий жана Борис Моисеев дагы жашайт.

БИШКЕК, 19-июль — Sputnik. Нурсултан Назарбаев Талас облусунда жашаса, Жалал-Абадда Дмитрий Медведев жашайт. Атактуу адамдардын аты-жөнүнө окшош болгон кыргызстандыктардын аттары Борбордук шайлоо комиссиясынын тизмесинде бар.

Кыргыз Жеки Чаны жана Рассел Кроу — белгилүү жылдыздардын "түгөйлөрү" Бишкекте
Кыргызстандык Нурсултан Назарбаев Абишевич эмес, Назарбаевич, ал эми Дмитрий Медведевдин атасы Роман.

Андан сырткары Кыргызстанда сегиз Ислам Каримов, төрттөн Владимир Ульянов, Михаил Горбачев, Владимир Путинцев жана Александр Лукашенко бар.

Ошондой эле атактуу ырчылар да бар. Мисалы, алты Наташа Королева, төрт Анна Герман, үч Стас Михайлов, Валерий Леонтьев, Николай Расторгуев жана Борис Моисеев Кыргызстанда жашайт.

Андан сырткары Кыргызстанда "атактуу акындар" да көп. Сосновкада Сергей Есенин жашаса, Кара-Балтада Владимир Высоцкий турат. Ал эми Баткенде Александр Пушкин жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0