БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын тургундарына жогорку сорттогу 150 тонна ун жардам иретинде берилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьер-министр Темир Сариевдин буйругуна ылайык, Миң-Куштун тургундарына даректүү түрдө жардам берилди. Жардамды вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда тапшырды.