Кыргызстандын чек арачыларына Кытай техникалык жабдуу берди

Жазылуу
Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Кыргызстандын чек арачыларына Кытай үч миллион сомдук техникалык жабдуу менен камсыз кылганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

Кытай чек арачылары Кыргызстанга келди
Шаршемби күнү КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев Бишкекте Кытайдын коомдук коопсуздук министрлигинин чек ара кызматынын жетекчи орун басары Ни Жун менен жолугушту.

Мекеме башчылары Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен иш-чараларына баа берип, чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн эки тараптуу кызматташууну улантуу чечимин кабыл алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0