Абак жайлардын комплекси Ысык-Көлдө же Чүйдө курулушу мүмкүн

Жазылуу
Долбоор азыркы абактардын имараттарын оңдоого, күзөт бөлүмүнүн жана кызматкерлердин санын кармап турууга кеткен бюджеттик каражаттын чыгымын азайтууга жардамчы болот.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Ысык-Көл же Чүй облустарынын аймагында атайын комплекс куруу ниетинде деп билдирди аталган ведомствонун маалымат кызматы. 

Дүйшөмбү күнү атайын комиссия Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагындагы жерлерди карап, келечекте курула турган атайын комплекстин ордун аныктоо үчүн чыгып кетти. 

Жаза өтөөчү жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соттолгондор үчүн 28,5 миллион долларлык комплекс курулат
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жумушчу комиссиясы өкмөт башчысы Темир Сариевдин буйругу менен, эркинен ажыратылгандарды кармоо үчүн атайын жайды куруу маселесине байланыштуу түзүлгөн. 

Долбоор азыркы абактардын имараттарын оңдоого, күзөт бөлүмүнүн жана кызматкерлердин санын кармап турууга, эркинен ажыратылгандарды ары-бери ташууга, транспорттун майына кеткен бюджеттик каражаттын чыгымын азайтууга жардамчы болот. 

Аталган комиссия атайын жайдын курулушун долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга берүүгө жооптуу болот. Комиссиянын алгачкы ишинин жыйынтыгы боюнча премьерге сунуштарын бермекчи. 

Абактардын атайын комплексин куруу маселеси – эркинен ажыратылгандарга тиешелүү түрдө көзөмөл кылуу жана кылмыш жана жаза аткаруу инфраструктурасынын системасын өлкөдөгү мыйзамдарга ылайыктоо максатында көтөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0