Орозо 18-июнда башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте жайгашкан мечит. Архив
Бишкекте жайгашкан мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан аалымдар кеңеши менен биргеликте муфтият айдын чыгышына карап белгилерин айтышкан.

БИШКЕК, 10-июнь — Sputnik. Орозо 18-июнда башталат деп Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Замир Ракиев Sputnik маалымат сайтына билдирди. 

Ал буга чейин айтылган божомолдор дээрлик туура экенин айтты.

"Кудай буюрса, Орозо 18-июнда башталат деп турабыз. Буга чейин божомол деп айтылган, бул эми 80 пайыз туура келет", — деди муфтийдин орун басары Ракиев. 

Буга чейин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан аалымдар кеңеши менен биргеликте муфтият айдын чыгышына карап белгилерин айтышкан. 

Муфтияттын маалыматында, Орозо Кыргызстанда 18-июнда башталса, акыркы күнү 16-июлга туура келип, ал күнү шектик жасалып, 17-июлда Орозо айт майрамдалат.

2015-жылдын орозо календары: ооз бекитүү жана ооз ачуу убакыттарын Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0