Сариев: Бишкекте газ менен иштеген автобустар жүрө баштайт

Жазылуу
Мэрия борбор калаада микроавтобустар ичи кенен, газ менен жүрүүчү автобустарга алмаштырыла туган долбоор иштеп чыкты. Мында жол киренин арзандашы да күтүлүүдө.

БИШКЕК, 8 июнь — Sputnik. Бишкекте газ жабдыгы менен жүрө турган автобустар пайда болорун премьер-министр Темир Сариев шаардын жолдорун оңдоп-түзөө иштерин текшерүү учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай автобустар коомдук унаа маселесин чечип, экологияга да терс таасир тийгизбейт. 

Өкмөт башчы учурда борбор калаада пайда болгон унаа тыгындарды тез арада чечүү керектигин билдирди. Бул үчүн шаардык муниципалитет атайы программа иштеп чыккан.

"Программанын алкагында шаардын борборунда жүрүүчү микроавтобустар газ менен иштеген ичи кенен автобустарга алмаштырылат. Мында жол киренин арзан болушу күтүлүүдө", — дейт Сариев.

Бүгүнкү күндө Бишкекте жүргүнчүлөрдү муниципалдык автобус жана троллейбустар, ошондой эле жеке ишканаларга таандык маршруттук таксилер тейлейт.

Буга чейин мэрия шаар жолдорун жеңилдетүү үчүн борбордук трассаларда автобус менен троллейбустарды эле калтырып, маршруттук таксилердин жүргүнчү ташуусуна тыюу салууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0