Бишкектеги 3 миң бала шаардагы мектептердин алдындагы 44 лагерде эс алышат

Жазылуу
Мектептин алдындагы лагерлерде эс ала турган окуучулар "Алтын түйүн" деп аталган балдардын республикалык академиясына барып, жолдо жүрүүнүн эрежелерин өздөштүрүшөт.

БИШКЕК, 8-июнь — Sputnik. Бишкекте мектептин алдындагы жайкы 44 лагерь өз ишин баштарын, ал жерлердге борбор калаадагы үч миңдей окуучу келе турганын Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы билдирди.

Жайкы лагерь  таңкы саат сегизден түшкү экилерге чейин иштейт. Балдарга эртең мененки жана түшкү тамак берилет.

Баткендеги лагерлер балдарды кабыл алууга даяр эмес
Окуучулар менен 400дөн ашык кызматкер иштейт.

Балдардын республикалык "Алтын түйүн" деп аталган инженердик-техникалык академиясында шаардагы окуучулар 18 багыттагы ийримдерге катышат. 

Мектептин алдындагы лагерлерде спорттук иш-чараларды өткөрүү футбол, баскетбол, волейбол аянттары жана чуркай турган жолдор даярдалган.

Ошондой эле окуучулардын жол коопсуздугун камсыздоо үчүн жолдо жүрүүнүн эрежелерине байланышкан оюндар да ойнотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0