Башкы врач Өмүрбеков: эки кызга жасалган сексуалдык зомбулук боюнча окуяда суроолор көп

© POOL / Медиабанкка өтүүКукла и противогаз. Архив
Кукла и противогаз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талантбек Өмүрбеков текшерүүнүн аныктыгын жана компетенттүүлүгүн консилиум өткөрүлүп, кыздарды бир эле дарыгер эмес, түрдүү багыттагы адистер караганын далилдейт деп эсептейт.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Эки кичине кыз сексуалдык зомбулукка кабылган окуя туурасында анык фактыларды гана айтып жатам деди №3 балдар оруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков.

Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыздарга зомбулук көрсөтүүгө байланышкан окуяны Турганбаев жеке көзөмөлүнө алды
Мурдараак "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова дарыгерлер алдын ала кароодо эки кичине кызды өгөй атасы зордуктаган фактын ырасташкандыгын билдирген эле. Бирок сот медэкспертиза кароонун натыйжаларын четке каккандыгына байланыштуу кылмышка шектелүүчү бошотулган болчу. 

Өмүрбековдун айтымында, кичине балдарга ким зомбулук кылганын териштирүү укук коргоо органдарынын иши, ал эми клиникалык дарыгерлер жабыр тартуучуну кароодон өткөрүп дарылоонун түрүн белгилейт. 

"Байкуш кыздарды биринчи жолу карап жатканда дарыгерлердин үрөйү учту. Бирок эмнегедир текшерүүнүн натыйжаларына ишенишкен жок. Ошондуктан биз курамына гинекологдор кирген чоң консилиум уюштуруп, кыздарды кайра кароодон өткөрдүк", — деди Өмүрбеков.

Экинчи жолу текшерүү да кыздардын жыныстык жана башка органдары жабыркагандыгын көрсөттү дейт ал. 

"Бирок ким аларды зордуктаганын биз билбейбиз, билишибиз да керек эмес. Бул тууралуу сураганга дарыгерлердин акысы жок", — деп билдирди адис.

Кыздардын улуусунун дарыгер кароого алып жатканда абалын сурап, маалыматтарда жазган кагазда сексуалдык зомбулукка дуушар болгону жөнүндө жазуу бар экенин белгиледи ал.

"Бала бул туурасында биринчи кароо учурунда эле дарыгерлерге айткан. Ошон үчүн врачтар ал жөнүндө жазып, укук коргоо органдарына билдирген", — деди башкы дарыгер.

Анын пикиринде, текшерүүнүн аныктыгын жана компетенттүүлүгүн консилиум өткөрүлүп, кыздарды бир эле дарыгер эмес, түрдүү багыттагы адистер караганын далилдейт.

"Балдарды ооруканага "Баланын укуктарын коргоочулардын лигасынын" өкүлдөрү алып келген. Дарыгерлер кыздарды кара чыгып, чындыкты жазышты — кыздардын улуусунда гимена аныкталган жок жана вульвовагинит бар, ал эми кичүүсүндө түз ичегисинин чели айрык экени аныкталды деп ар бирине тиешелүү ооруунун тарыхында жазылган. Байкуш кыз катуу ооругандыктан, дааратканага жакшы бара албайт. Жабыр тарткан жерлеринин сүрөттөрү да бар", — деди врач. 

Биринчи кароодон кийин келген укук короо органдарынын өкүлдөрүнө кароонун жыйынтыктары боюнча далил каттар берилген. Алар сотмедэкспертиза дайындап, анын натыйжалары дарыгерлердин берген бүтүмдөрүн жокко чыгарган дейт Өмүрбеков.

"Бул караны ак деген менен барабар. Окуя түшүнүксүз, кандайдыр бир туура эмес кызыгуу бар, көп тергөөчүлөр келди, журналисттер кызыгып жатат", — дейт дарыгер.

Дарыгер өзү жоопко тартылышы мүмкүндүгүн билгенде өтө таң калганын айтат. 

"Мейли, сотко чакырышсын, мен болгонун болгондой айтып берем. Деги эле эмне болуп жатканы жөнүндө сурап ИИМ министрине кайрылса болот?", — деди врач.

Журналисттер андан зомбулук кылган ким экендиги туурасында сурап жатканын, бирок бул ага белгисиз экендигин баса айтты ал.

"Ушунча болуп эки жашар Түлөбековдон башка зомбулук окуялар боюнча интервью берген эмес элем. Бирок биз өзүбүз көрүп, унчукпай коюуга акыбыз жок, дефекттерди бардык жерде ырастайбыз. Жана фактыларга таянуу менен чындыкты гана айтабыз", — дейт ал.

Өмүрбеков башка дарыгерлердей эле клиницист экенин жана операциялардан колу бошобой турганын, ар кандай териштирүүлөргө убактысы жоктугун айтты.

"Биз оорулууларды дарылап, аларга жардам беришибиз керек. Бул биздин милдетибиз, ал эми элдин башына түшкөн кайгынын тегерегиндеги ызы-чууларга көңүл бурууга биздин акыбыз жок", — деп сөзүн жыйынтыктады дарыгер.

Мурдараак, Бишкектин саламаттык сактоо департаментинин директорунун орун басары Тилек Жантайбеков жабыр тарткан эки кызга карата жүргүзүлгөн көз карандысыз текшерүү сексуалдык зомбулук болгон фактынын ырасталганын билдирди жана бул туурасында №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбековго кабарлаганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0