Президент жер көчкүдөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сомдон каражат бөлдү

© Пресс-служба президента КРАлмазбек Атамбаев: "Существующая система управления отраслью энергетики сегодня показала свою неспособность решать задачи энергетической безопасности"
Алмазбек Атамбаев: Существующая система управления отраслью энергетики сегодня показала свою неспособность решать задачи энергетической безопасности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыр-Жол айлында жер көчкү басып калгандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам бөлдү.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Сузак районунда жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сомдон бөлүндү.

Сузактагы жер көчкүнүн кесепети: каза болгондор, күйүтүнө чыдабай ыйлагандар
Мамлекет башчысы өкмөткө жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу жана жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан калкка тийиштүү жардамдарды берүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. 

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад областындагы жер көчкүнүн натыйжасында набыт болгондордун, жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. 

23-майдан 24-майга караган түнү саат экилерде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кыр-Жол айылында жер көчкү түшүп, 5 үйдү басып, 6 адам көчкүнүн астында калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0