БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкек шаарынын ири дүкөндөрүнүн жана ресторандардын биринде онкологиялык оорулуу балдарга каражат чогултуу максатында коюлган айнек үкөктөрдү талкалап, ичиндеги акчаларды алып кетишкен. Бул туурасында Help the Children-SKD уюмунун аткаруучу директору Елена Перевозникова Sputnik маалымат сайтына билдирди.
"Бул биринчи көрүнүш эмес. Мындай зээн кейиткен окуялар көп кайталанып турат. Акчалар топтолгондон кийин айнек үкөктөрдөн 2-3 айда бирден алынчу",— деди ал.
Help the Children-SKD уюмунун Фейсбуктагы баракчасына балдарга чогултулуп жаткан акчаны белгисиз бирөөлөр уурдап кеткендигин билдирген.
"Бүгүн биздин кайрымдуулук үчүн коюлган үкөктөрүбүздү кайрадан талкалап, акчаны алып кетишиптир. Эмне деген адамсыңар?! Бул оорукчан балдарга деп чогултулган акча эле. Адамдардын артынан жана Кудайдын алдында эмне деген иштерди жасап жатасыңар! Бул акча силерди байытып же жыргатып жибербейт",— деп жазылган социалдык тармактагы баракчада.
Аталган уюмдун аткаруучу директору мындай аракеттер кадыресе көрүнүшкө айланып бараткандыгын, кээде алардын кызматкерлерин жолдон кармап алып, чогултулган акчаларын тоноп кеткен учурлар болгондугун кошумчалады.