Аяна Касымова: тойдун деңгээлиндеги ырчы болгум келбейт

© Фото / предоставлено Аяной КасымовойЫрчы Аяна Касымова. Архив
Ырчы Аяна Касымова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш ырчы Аяна Касымова болочокто башка кесиптин ээси боло тургандыгын айтты, ошол эле учурда шоу-бизнесте де жолун улантуу мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок. Sputnik менен маегинде ырчы чыгармачылык пландары менен бөлүшүп, өзүнүн жашоосу жана эмнеге кызыгарын айтып берди.

Жаш ырчы Аяна Касымова 16 жашта. Аяна — музыканттын үй-бүлөсүнөн чыккан. Ал Бишкектин орто мектептеринин биринде окуйт жана өткөн жылы сентябрда Россиянын "Артист" ыр сынагына катышкан. Жеңишке жетүү үчүн Аянага көрүүчүлөрдүн 3 пайыз добушу жетпей калган. Ошол окуядан кийин өзгөчө үндүү бул окуучу кыз Кыргызстанга таанымал болду. Ырчынын продюсери — атасы джазмен Айзар Касымов.Социалдык тармактарда Касымованын аткаруусундагы "Сүрөтүңө" аттуу ыр кеңири жайылды. Sputnik кабарчысына берген эксклюзивдүү маегинде ырчы чыгармачылыгы, эмнеге кызыгары жана болочок пландары туурасында айтып берди.

— Көрүүчүлөр алдындагы биринчи жолу чыгып ырдаган учуруңуз эсиңиздеби, анда канча жашта элеңиз? 

— Бала кезимде "Ак шоола" музыкалык хоруна катышчумун. Ошол топ менен Кыргызстанды кыдырып концерт бергенде биринчи жолу көрүүчүлүрдөн алдына чыккам. 10 жашымда Мирбек Атабековдун концертинде жалгыз ырдап чыккам. Ал менин дебютум болчу. Баары ошондон башталган.

— Ата-энеңиз да музыкант экен, ал да сиздин ырдап калышыңызга түрткү болсо керек?

— Ооба, ата-энем музыканттар. Мен бала кезимден ырдаганды жакшы көрчүмүн. Ошон үчүн ата-энем мени музыкалык чөйрөгө алып келишти. 

© предоставлено Аяной КасымовойАяна с отцом Айзаром Касымовым. Он же является продюсером певицы
Аяна с отцом Айзаром Касымовым. Он же является продюсером певицы - Sputnik Кыргызстан
Аяна с отцом Айзаром Касымовым. Он же является продюсером певицы

— Сизди көпчүлүк Россиянын «Артист» ыр сынагынан кийин тааный баштады. Ага катышууңуз эмнеси менен эсиңизде калды?

— Абдан кызыктуу болгон. Бул менин чыгармачыл жолумдагы өтө чоң тажрыйба жана олуттуу баскыч болду. Көп адамдар, ырчылар, продюсерлер менен тааныштым. Бардык катышуучулар бири-бирин түшүнүп, сүйлөшүп, деги эле жакын болуп калдык. Бул шоу абдан жакшы уюшулганын айткым келет. Ал жерде өзүлөрүнүн дарыгерлери, кесипкөй визажисттери, стилисттери бар – баары жогорку деңгээлде болду. 

— Чыгармачылык менен алектенүү, ырдоо, анан конкурска катышып бир заматта элге таанылып калуу деген кандай?

— Бул абдан жагымдуу. Мени менен сүрөткө түшүүнү суранышат, эл мени көргөндө кубанып, жылуу кабыл алышат. Мага ыңгайсыз да болуп кетет (күлөт).

— Чыгармачылык менен мектептеги окууну канчалык айкаштыра алып жатасыз? Мугалимдер түшүнөбү?

— Бул кыйын эмес. Эгер бир жерде чыгып ырдоо пландалган болсо, апам мугалимдерге чалып түшүндүрөт. Негизи, мен кадимки эле мектеп окуучусумун. 29-мектептин 10-классында окуйм.

— Репертуарыңызда канча ыр бар? 

— Чынын айтсам, билбейм. Канча экенин санаган эмесмин (күлөт). Англисче ырлардан баштагам. Кезегинде Селин Дион менен Уитни Хьюстондун ырларын ырдачумун. Мен ошолордун ырлары менен чоңойдум. Анан мага кыргыз ырларын ырдоону кеңеш кылышты, ошондон кийин кыргызча ырларды аткарып калдым. Репертуарымда французча, өзбекче ырлар да бар. Мен ырларды жанры же аткаруучулары боюнча тандабайм. Көңүлүмө жакканын ырдайм. Джаз аткарууга да аракет кылам, себеби атам – джазмен, ал джаз ойнойт.

— Сиздин репертуардан улам да "Сүрөтүңө" деген ыр жаш муундарга тарап кетти. Эмне үчүн дал ушул ырды тандап алдыңыз?

— Мен ал ырды аткарайын деген деле эмесмин. Бир абдан жакшы адам мени чет мамлекетте жашап жаткан апасы үчүн ырдап берүүнү суранган. Менин аткаруумдагы ырды чакан видео белек катары даярдап, кийин социалдык тармакка жайгаштырууну чечкенбиз. Чынын айтсам, башында бул ыр мага жаккан эмес. Бирок, ыр элге алынып кетти. 

— Чет мамлекетте шоу-бизнесте иштөөнү сунушташабы? Андай сунуштарга кандай карайсыз?

— Мага Казакстанда иштөөнү сунуш кылышкан. Бирок менин жашоом бул жерде, баарын таштап чоочун жакка кете албайм.

— Патриотсузбу?

— Ооба. Өткөн жылы Москвада жүргөндө, мунун баары мен үчүн эмес экенин түшүндүм, баары бир сезимдер бөлөк болду. Мен Европада же АКШда жан дилим менен билим алмакмын. Бирок ал жакта убактылуу жашап, анан баары бир Кыргызстанга кайтсам дейм.

— Келечекте ким болсом дейсиз? Мектептен кийин кайсы окуу жайга тапшырасыз жана шоу-бизнесте катышууну улантасызбы?

— Менин Улуттук консерваторияга тапшыруу боюнча планым жок. Башка кесипке басым жасасам дейм. Мүмкүн журналист же англис тилинен котормочу болом. Азырынча чече элекмин, дагы бир жыл убактым бар. Чет мамлекетте джаз мектебинде окуу мүмкүнчүлүгүн да карап жатам.

— Сиздин кадимки күнүңүз кандайча өтөт? Сабактан жана чыгармачылыктан бош убакытта эмне менен алектенесиз

— Велоспортко кызыгам.Менин жашоомдо бөтөнчө эч нерсе жок, баары кадимкидей эле. Досторум менен сейилдейм, сүйлөшөм, бирок баары бир убакыт жетишсиз. Күн деле кадимкидей өтөт: ойгоном, мектепке барам, үйгө келем, музыкалык мектепке барам. Анан репетициялар, жазуулар, концерттер.

— Социалдык тармакты активдүү пайдаланасызбы? Сиз жөнүндө эл кандай ойлорду жазышат?

— Facebook жана "Одноклассники" баракчаларым бар. "Одноклассникиге" киргенден бир аз корком, себеби жазгандар өтө көп. Кээде барактап отуруп, өзүмдүн ырдаган видеолорду таап калганда, дароо пикирлерди окуй баштайм. Ар кимдин ою ар башка, бирөөнө жакса, бирөөнө жакпайт. Мен эч кимге капа эмесмин, сын пикирди жакшы кабыл алам. Негизи, мен Instagram активдүү пайдаланам.

— Майрамдарга, концерттерге ырдооого канчалык көп чакырышат?

— Акыркы кездерде абдан көп. Мен тойлордун деңгээлинде калгым келбейт, ал жактарда ырдабоого аракет кылам. Бирок аябай өтүнүшсө, барып ырдаган учурларым болот. Негизинен, концерттерге чакырышат. Жакында мен симфониялык оркестр менен чыгып ырдадым. Кайрымдуулук концерттерине да чакырышат. Мындай учурларда колумдан келген жардамымды берем. 

— Кыргызстанда ырдаган кайсы ырыңыз жана эмнеси менен эсиңизде калды?

— Оркестр менен ырдаганым. Симфониялык оркестрдин коштоосунда аткаруу минус менен ырдагандан такыр айырмаланат экен. Таптакыр башка сезимдер пайда болду. Мага абдан жакты. 

— Тилек-максаттарыңыз? 

— Менин жашоомдогу максатым – бактылуу апа жана жубай болуу. Аялзатынын бактысы, менимче, жашоодо эң жогору турат. Ийгиликтүү ырчы болуу да – максатым. 

Быйыл клип тартсак деген пландар бар. Ал үчүн демөөрчүлөрдү табыш керек. Жакында кыргыз тилиндеги жаңы ырым чыгат. Ырдын аты жана мазмуну кичинекей сюрприз болсун (күлөт). 

— Жаңы баштап жаткан жаш аткаруучуларга эмне кеңеш бересиз?

— Эң башкысы – өз ишин сүйүү. Жөн эле атың чыгыш үчүн ырчы болууну каалаган туура эмес. Атактуу болуунун терс да, жакшы да жактары бар. Өз максатыңды көздөп, жалкоолонбой көп иштеш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0