Жергиликтүү милиция Ошто абал тынч экендигин, майрам алдында ар кыл сөздөр чыга берерин айтты

© Sputnik / Нургуль МаксутоваОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тартип коргоочу органдар Ош шаарындагы калпакчан миссионерлердин кармалышы жана бир катар жагдайларга элдин тынчызданбашы керектигин айтышты.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Учурда Ош шаарында абал тынч экендигин, кооптоно турган жагдай жоктугун, негизи эле Ош шаарында майрам алдында ар кандай сөздөр, имиштер көп чыгып кетээрин, чыгып турарын Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. 

Ал көптөрдүн бүйүрүн кызытып жаткан ак калпакчан миссионерлер түнөй турган дарегинен адашып калып, элдин шегин жараткандыгын, алар ошол эле күнү Бишкек шаарына учуп кеткендигин айтты. 

"Алардын бардыгы түшүндүрүү иштеринен кийин бошотулган, миссионерлер токтой турган Фергана көч. 97 дарегин издеп, адашып калгандыгын айтышты. Ошол күнү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кечинде саат тогузда Бишкек шаарына учуп кетишкен", — деди Сыдыков. 

Ал эми учурда эл арасында айтылып жаткан Ош аймагындагы абалдын кооптуулугу туурасында шектенүүгө негиз жоктугун, 2010-жылдан бери майрамдар алдында мындай сөздөр чыгып кетип жаткандыгын билдирди. 9-май күнү жылдагыдай эле иштеп, парадга тиешелүү адамдар чыгып, милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактаарын билдирди.

"Адаттагыдай эле резервдеги кишилер болот. Кудай анын бетин ары кылсын, кандайдыр бир массалык баш аламандыктар болуп кетсе, аракеттенүүчү атайын отряддар болот. Буга чейин деле 2010-жылдан тарта Ош шаарында майрам алдында ар кандай сөздөр, имиштер чыгып кетет. Маселен, Жаңы жылдын алдында да балатынын жанында жардыруу болот экен деген сөздөр чыгып кеткен. Тиешелүү иш-чараларды көрүп, жөн калтырбай, ар бир айтылгандарды текшерип жатабыз. Ар кандай имиштер негизинен интернет аркылуу кетип жатат", — деди Сыдыков. 

ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ Оштогу чет элдик калпакчандардын келген максаты иликтенип жаткандыгын билдирди
5-майда Ош аэропорттун аймагында өзбек-кыргыз урушун чыгарыш үчүн элге 500 сомдон таратылып жатат деген сөздү айткан аялдар териштирилгенден кийин бошотулгандыгын, алар да бул сөздү башкалардан уккандыгын айтышкандыгын Сыдыков кошумчалады. 

Бүгүн Ош аймагындагы жума намаз окулган 175 мечитте мусулмандар арасында улут аралык ынтымакты сактоо жана тынчтык, биримдик боюнча баяндар айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0