Ретро-машиналардын айдоочулары Жеңиш күнүнө карата шаарда автожүрүш жасашат

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүРетро-машиналар. Архив
Ретро-машиналар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автожүрүшкө "Волга", "Победа" маркасындагы жана башка автомашиналар катышат. Алардын катарында 1947-жылы чыккан машиналар да бар. Жүрүшкө 15-16дай автоунаа чыгат.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Ретро-машиналардын айдоочулары Жеңиш күнүнө карата шаарда автожүрүш жасай турганын иш-чаранын уюштуруучулары Sputnik сайтына билдирди.

Маалыматка ылайык, автожүрүш 6-майда саат 12-00дө Ак-Кеме мейманканасынын жанынан башталат.

Автожүрүшкө "Волга", "Победа" маркасындагы жана башка автомашиналар катышат. Алардын катарында 1947-жылы чыккан машиналар да бар. Жүрүшкө 15-16дай автоунаа чыгат.

Автожүрүш Өчпөс отко гүл коюу менен аяктайт. Автоунааларды Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери коштоп жүрөт. 

Ретро-унаалардын автожүрүшүнүн маршруту
Ретро-унаалардын автожүрүшүнүн маршруту - Sputnik Кыргызстан
Ретро-унаалардын автожүрүшүнүн маршруту

Жаңылыктар түрмөгү
0