Чаткалдык Рашит кредит алып Улуу Ата мекендик согуштун жоокерлеринин эстелигин жаңыртты

© Фото / Арзымат АбдыкеримовЧаткалдык Рашит кредит алып Улуу Ата мекендик согуштун жоокерлеринин эстелигин жаңыртты
Чаткалдык Рашит кредит алып Улуу Ата мекендик согуштун жоокерлеринин эстелигин жаңыртты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
$2 миң долларга жакын насыя алып эстелик тургузган Чаткал районунун Шекафтар шаарчасынын тургуну Рашит Гизатулиндин атасы согушта от кечсе, энеси оорукта иштептир.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Улуу Ата мекендик согуштун жоокерлерине арналган эстеликти реставрациялоо үчүн Жалал-Абад областынын Чаткал районуна караштуу Шекафтар айылынын тургуну Рашит Гизатулин бир жарым жылдык мөөнөткө 95 миң сом насыя алган. 

Sputnik маалымат сайтыны кабарчысы менен болгон маегинде Гизатулин өз айылындагы эстелик 15 жыл мурда тургузулгандыгын, сырткы келбети бузулуп калгандыктан, бул ишке кол түрө киришкендигин айтып берди. 

"Анткени менин атам менен энем экөө тең согуштун катышуучулары. Энем оорукта аэродромдо эмгектенген, ал эми атам душман менен бетме-бет кармашыптыр", — дейт шекафтарлык Рашит байке. 

Ал жергиликтүү бийликтен реставрацияга уруксаттан башка эч нерсе сураган эмес. Ал үчүн бул принципиалдуу маселе болчу. Долбоорду ал "элдик" деп пландаган. Ошон үчүн досторун эстеликти оңдоого каражат топтоо жөнүндө жарыялоону өтүнгөн. 

"Мен алган 95 миң сомдук кредитти сарптап бүттүм. Дагы 50-60 миңдей керек", — дейт ал. 

Шекафтар айыл башкармалыгынын жетекчиси Осмоналы Ботобеков Гизатулин эстеликти өз алдынча реставрациялап жатканын ырастап, айылдашына райондун атынан сыйлык берүүнү ойлоп жатканын айтты. 

"Биздин бюджеттин 98 пайызы дотациянын эсебинен түзүлөт. Тилекке каршы, Рашит Гизатулинге материалдык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болбоду", — деди Ботобеков. 

Эстеликке кошо орнотулган гранитке согуштан кайтпай калгандардын аты-жөнү чегилет

Эстелик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн тургуну уюн сатып, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына эстелик тургузду
Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына эстеликти оңдоп толуктоо боюнча бардык иштерди Гизатулин өзү жана тааныштары менен жасап жатат. Айылдын ортосунда орнотулган жалгыз мемориал мурдагыдан бийик болуп, аталган айылдын согушка катышкан жана оорукта эмгектенген 90 тургундун аты-жөнү чегилген кара гранит орнотулат. 

Андан тышкары, Гизатулин балаты, жолго төшөлчү таш, тосмо жана башка көп нерселерди алууну пландап койгон. Эстеликтин эң башкы жасалгасы — болоттон жасалган жылдыз түрүндөгү ордендин рельефин Рашит өзү даярдап жатат. 

Рашит кредит алган каржы компаниясына акчаны кайда жумшай тургандыгын айткан эмес. 

"Болбосо насыя берүүнү алар колдошмок эмес", — дейт ал. Айыл чарба иштерине деп алынган насыя ага бир жарым жылга берилген. Үстөк пайызы жөнүндө Гизатулин 30 пайыздан көп эмес болуш керек дейт. 

"Эми азыр билип калышса да, негизгиси, өз убагында төлөп турсам болду", — дейт оорук менен согуштун катышуучуларынын уулу. 

Шекафтар айылынын тургуну бул долбоор Кыргызстандын түштүгүндө ар улуттун өкүлдөрүнүн башын бириктирүүгө өбөлгө болот деп ишенет. 

"Украинада бул ишти колдон бир аз чыгарып жиберишти эле, эми ал эмнелерге алып келди?", — деди Рашит. 

Өз уюн сатып согуш каармандарына эстелик тургузууга жумшаган көлдүк мекендеши жөнүндө кабары бар-жогун сураганыбызда, ую болсо, аны да соодалап, акчасын эстеликке жумшамактыгын атты. 

"Мага баары акылынан адашкан кишидей карашат. Мага окшогондор дагы бар экенине ишенишпейт. Башка бирөө мындай иш үчүн уюн саткан болсо, анда мен жалгыз эмес экенмин да", — деп күлдү Рашит Sputnik сайтынын кабарчысы менен сүйлөшүп жатып. 

Алтын колдуу Рашит 

Коңшулары Рашиттин колу алтын экендигин айтышат.

Сумсар айылынын тургуну Леонид Маняшин айткандай, Гизатулинди жергиликтүү тургундар "колунан көөрү төгүлгөн уста дешет". Ал "муздаткычты да, телевизорду да оңдой алат жана дээрлик ар бир короодо ал жасаган кол араба турат". 

"Бизде Рашитти баары баалайт. Ал аябай ак пейил адам. 90-жылдары ал кетем деп камынганда, баарыбыз жабыла көчүп кетпешин өтүнгөнбүз, эми бизден эч жакка кете албайт", — деди Маняшин. 

Жаңыланган эстеликти ачуу 2015-жылы 9-майга белгиленген. Бул салтанатка ардагерлер, жергиликтүү бийлик жана бардык каалоочулар чакырылган. 

Рашит Гизатулин 58 жашта. Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы. Өз айылында темир уста жана газ-электр ширетүүчү болуп иштейт. 

Бардыгы болуп Шекафтар айылынан согушка 67 адам аттанган. Тогуз жоокер мекенине кайтпай калган. Азыр алардын арасынан бир гана согуш ардагери калды. 

Мурдараак Ысык-Көлдүн чыгыш жээгиндеги Корумду айылынын тургуну өз уюн сатып, айылда согуштун катышуучуларына арнап эстелик тургузууга жумшагандыгы жөнүндө кабарланган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0