БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Оор кылмыштар менен Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн кыргызстандын жараны Алмамбет Анапияевдин Белоруссиянын аймагында өлтүрүлүшүнө шектүү делинген Жаныш Бакиевдин жана башка жарандардын кыргыз тарапка өткөрүлүп берилиши боюнча Белоруссиянын расмий органдарынын позициясына Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабатырланат.
Буга чейин Кыргызстандын тийиштүү органдары аталган жарандарды кыргыз тарапка өткөрүп берүү боюнча бир нече жолу кайрылышкан.
Кыргызстандын аймагынан жасаган оор кылмыштары үчүн соттолгон Жаныш Бакиев жана башка жарандардын эл аралык издөөдө жүргөнүнө карабастан, Белоруссиянын аймагында ээн-эркин жүргөнү кыргыз тарапты тынчсыздандырат.
КР Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө "Белоруссиянын мындай позициясы эки мамлекеттик достук жана өнөктөштүк мамилелерине туура келбейт" деп жазылат.
Кыргыз тарап аты аталган жарандарды кармап, эл аралык милдеттердин алкагында Кыргызстанга өткөрүп берүүгө чакырат.