Кыргызстанда кызылчага каршы улуттук эмдөө кампаниясы өтөт

© Sputnik / Ажар АлапаеваМатери с детьми больными корью
Матери с детьми больными корью - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук иммунизация боюнча кампания алгач, март ичинде Чүй менен Бишкекте, анда соң март-апрелде республиканын калган аймактарында өтөт.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстан кызылча эпидемиясынын алдын алуу максатында аталган ооруга каршы 1 жаштан 20 жашка чейинкилер арасында массалык түрдө эмдөө боюнча Улуттук кампанияны баштайт. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы жекшембиде, 15-февралда билдирүү таратты.

Бул эки этап менен өтүп, биринчисинде 2015-жылдын мартында Бишкек шаары менен Чүй облусунда кызылча вирусу активдүү кездешип жана оору арбын болгон аймактарда жасалат. 

Иммунизациялоонун экинчи этабынын датасы 2015-жылдын апрель-май айлардына коюлду. Анда эмдөө республиканын калган администрациялык аймактарында өткөрүлөт. 

Бул максатта 12-февралда "Манас" аба майданына кызымак менен кызылчага карата жасалуучу вакцинанын 840 000 дозасы келип түшкөн. 

Вакцина кыргыз өкмөтү тарабынан БУУнун балдар уюму тарабынан сатылып алынган. Аталган эмдөө каражаттары эл аралык GMP стадарттарына жооп бере тургандыгын, аны жасаган компания дүйнөлүк стандарттын жогорку сапаттарына жооп берип иштеп келе жаткнадыгын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Буга чейин да Sputnik маалымат сайтына Иммунопрофилактика борборунун директору Жолдош Калилов массалык кампанияга БУУнун Балдар Фонду бизге вакцина сатып келип берээрин, ЮНИСЕФте Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунан алган атайын уруксат баракчасы бардыгын айткан. 

Кыргызстан башка 140 мамлекеттердей эле 15 жылдан бери кызылча-кызамык ооруларына каршы жогорудагы айтылган компания чыгарган вакциналарды колдонуп келээрин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0