БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. Кыргызстанда учурда кызылча оорусу күч алып, Бишкек шаары менен Чүй аймагында көп кезигип жатат. 28-январдагы маалыматтарга таянсак, өлкө боюнча 3378 адам кызылча менен оорушу мүмкүн деп шектелсе, анын ичинен 497 адамдан лабораториялык текшерүү ооруну тастыктаган. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана саламаттыкты сактоо боюнча бир катар мекемелердин өкүлдөрү кызылчанын жайылышынын алды алуунун бирден-бир жолу эмдөө жүргүзүү экендигин айтышууда. Бул боюнча Бишкек шаарында жана Чүй аймагында калкка оорунун алдын алуу, сактануу жолдору, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бирок, диний түшүнүктөн, миграциядан улам, балдарын эмдетүүдөн баш тарткандар да арбын болуп жаткандыгын саламаттыкты сактоо боюнча бир нече мекемелер билдирди.
Дин ден соолук үчүн адамдарга эмдөөдөн өтүүгө тыюу салбайт
"Дин тутунган адамдардын эмдөөдөн баш тарткандыгы эч качан дин түшүнүгүндө же диний жетекчиликтин, же диний башкармалыктын көрсөткөн багыттоосуна негиз албайт. Албетте, эмдөө ыктыярдуу нерсе. Ар бир адам өзүнүн ден соолугу үчүн өзү кам көрүшү зарыл. Ошол эле учурда өз саламаттыгынын кепилдиги үчүн дарыгерге кайрылып, анын кеңеши менен ден соолугун чыңдап туруусу да өзүнүн эркинде. Ар бир жарандын диндик түшүнүктө деле, жалпы мыйзамдык түшүнүктө деле дарыланууга же дарыланбай коюуга толук укугу бар. Бирок, диндин көз карашына келген учурда, коомдук саламаттыкты сактоо үчүн коомго жайылып жаткан коркунучтуу тумоонун алдын алуунун, жайылтпай коюунун чарасына келген учурда, ал мыйзамдык же мамлекеттик чектеги талапка жооп берип, ага моюн сунуп аткарышы керек",— деди Аким Эргешов.
Саламаттыкты сактоо министрлиги түшүндүрүү иштерин жүргүздүбү?
Эргешов КРге келип жаткан вакциналардын сапаты боюнча динге ишенген мусулмандар арасында суроо арбын жаралып жаткандыгын айтты.
"Социалдык тармактарда Кыргызстанга келип жаткан дары-дармектер, контрабандалык жол менен ташылат деген сөздөр бар. Аны менен кошо вакцианалар тиешелүү органдар тарабынан толугу менен көзөмөлгө алынбай калган учурлар да болот деп айтып жатышат. Эгерде Саламаттыкты сактоо министрлиги элдин алдына чыгып, жоопкерчилигин моюндап, вакцинанын коопсуздугуна кепилдик беребиз десе, ишеним артмак", — деди Аким Эргешов.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун эпидемиолог-дарыгери Нуржамал Шейшееванын айтымында, баш тарткан учурлар кездешкенден тарта эле, мындан 4-5 жыл мурда эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп башталган.
Ал эми кызылча оорусу жайылгандан тарта ата-энелер менен кээ бир учурда көзмө-көз сүйлөшүп, түшүндүрүп жаткандыктарын айтты.
"Биз түшүндүрүп, эмдөөнүн баланын ден соолугуна зарылдыгын айтып берүүдөбүз. Өтө көп кездешкен жерлерде медкызматкерлер ата-энелер менен жекеме-жеке отуруп алып сүйлөшүп, түшүндүрүп жатабыз. Алардын суроолору абдан көп, өзгөчө, вакциналар боюнча. Бул жаатта иш абдан эле тыкыр жүргүзүлүп жатат. Азыр түшүнүп, өздөрү келип, эмдетип жатышат. Коомчулукта көп айтылбай, абал тынч учурда анча маани бербей түшүнбөй турушкан, азыр жайылгандан кийин келгендер арбыды. Кыязы, абалдын олуттуу экендигин эми түшүнүп башташты окшойт", — деди Нуржамал Шейшеева.
Ал эми Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун жетекчиси Нурболот Усенбаев вакциналар тыкыр каралып, эл аралык уюмдар аркылуу өлкөгө сатылып алынаарын билдирди.
"Бүгүнкү күнү 16 миң эмдөө жасалды, бирок, коомчулук арасында вакциналардын сапаты туурасында да ар кыл кептер жүрүүдө. Бирок, алардын бардыгы Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунан кайра окутулуудан өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун балдар Фондусу аркылуу сатылып алынат. Андан сырткары вакцианалардын эл аралык сапаттагы сертификаттары бар, ал эми такталбаган башка вакциналар Кыргызстанга алынып келинбейт", — деди Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун жетекчиси Нурболот Усенбаев