06:02 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Камера внешнего видеонаблюдения на улице Киевская в городе Бишкек

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча жарыяланган тендердин 1-турунан 5 компания өттү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.
Коом
Кыскача шилтеме алуу
12 0 0

Ири шаарлардын көчөлөрүнө видеокөзөмөл орнотуучу компаниялар өз чыгымдарын жол эрежесин бузуудан түшкөн каражаттын эсебинен жабуу каралууда.

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. КР өкмөтүнүн маалыматына караганда, мамлекеттик жана жеке жактардын өнөктөштүгү алкагында, "Коопсуз шаар" жана "Электрондук каттоо китепчеси" долбоорлорун ишке ашыруу жаатында көчөлөргө видеокөзөмөл жабдууларын орноткон жана аларды тейлеген компанияларды жолдо жүрүү айыппулдарынан бюджетке түшкөн каражаттын эсебинен 50х50 катышында каржылоо сунушу киргизилүүдө. Ал үчүн "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл экенин парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети өз жыйынында "КРдеги бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" КР мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ушу тапта "Коопсуз шаар" долбоору боюнча жарыяланган тендердин алгачкы айланпасынан 5 компания экинчи турга өткөнүн билдирди. Экинчи турдан утуп чыккан компания Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө видеокөзөмөл жабдууларын орнотуп, 10 жылга чейин өзү тейлейт, андан соӊ толугу менен Кыргызстанга өткөрүп берет. Ошол мезгил аралыгында ал компания жолдо жүрүү айыбынан бюджетке түшкөн каражаттын эсебинен өз чыгымдарын чыгарып алууга тийиш.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы республиккалык бюджетке жолдо жүрүү айыптарынан 172 млн сом түшкөн. Эгерде аталган долбоорлор ишке ашырылып, иштей баштаса, айыппулдардын өлчөмү мындан дагы өсүшү мүмкүн. Ал эми видеокөзөмөл жабдууларын орнотууга техникалардын сапатына жараша 42 миллион доллардан 79 миллион долларга чейинки өлчөмдө каражат кетет.

Тема боюнча

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча жарыяланган тендер 29-ноябрда аяктайт
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, Курсан Асанов

ЭҢ МААНИЛҮҮ