18:46 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева

Эльвира Сариева билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
207 0 0

Алмазбек Атамбаев Эльвира Сариеваны билим берүү министри кылып дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду.

БИШКЕК, 22-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Сариева Эльвира мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КР Билим берүү жана илим министри болуп дайындалганын ишембиде президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Сариева буга чейин социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

Мурдагы билим берүү министри Канат Садыков кызматтын кеткенден кийин Сариеванын талапкерлигин билим берүү министри кызматына КСДП фракциясы көрсөткөн. Эльвира Сариева фракциянын мындай чечимин баалай турганын айтып, билим берүү министри болуу ал үчүн сыймык экенин биздин кабарчыга билдирген болчу.

Тема боюнча

Билим берүү министри Канат Садыков кызматтан бошотулду
Билим берүү министрлигине КСДП фракциясы Сариеваны сунуштады
Белгилер:
Билим берүү министрлиги, Алмазбек Атамбаев, Канат Садыков, Эльвира Сариева

ЭҢ МААНИЛҮҮ