Бишкектин муниципалдык баш калкалоо жайларында 200дөн ашуун үйсүз адам бар

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: "Коломто" муниципалдык мекемеси
Архив: Коломто муниципалдык мекемеси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-жайсыздар үчүн муниципалдык бул жайларга күнүнө ондогон адамдар келет. Аларга ысык тамак берилип, медициналык кызматтар көрсөтүлүүдө.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. Бишкектин Биринчи май районунда турагы жокторго жыл бою "Коломто" баш калкалоо жайы иштейт. Ал жер өздөрү кайрылган, социалдык кызмат, тез жардам жана милиция жеткирип келгендерге убактылуу түнөк берет. Аталган жай 70 адамга эсептелип, райбюджет эсебинен жылына жалпы саны 3 миллион сомго каржыланат. 

70 адамга эсептелгенине карабай, кыш мезгилинде "Коломтого" андан да көп карып баш калкалайт. Ал жерде иштегендердин айтымында, көпчүлүгү жөн гана түнөп, тамактанып алууга келишет.

Кайрымдуулук жайынын бардык тургундары медициналык кароодон өтөт. Бул жерге гуманитардык жардамдардан жылуу кийим, шейшеп-жууркан, самын-сумун, дары-дармек жана азык-түлүк алып келип турушат. 

Күнүнө үй-жайсыз бир адамдын тамагына жүз сомдой каражат кетет.

"Коломтого" көп келип түнөгөндөрдүн бири Нурлан Төлөгөнов Sputnikке Таластан болорун жана көптөн бери көчөдө жашарын өзү айтып берди.

"Мени мында милиция алып келген, бул жердегилердин меймандостугуна ыраазымын", — дейт ал.

Ал эми "Коломтого" өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасагандан кийин келген Людмила Васильевна болсо мурда бала бакчада иштегенин айтат. Бирок ал эмнеге өз жанын кыйгысы келгенин айткысы келбеди. 

2014-жылдын 11 айында "Коломто" ар кайсы райондордон келген 962 жаранга жардам көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө Ленин районундагы кайрымдуулук үйүндө 47 адам бар, алардын 24ү балдар. "Коломтодо" болсо 73 адам убактылуу жашайт. Ал эми Свердлов районунун баш калкалоо жайы 45 адамга түнөк берсе, Октябрь районунда туруктуу жайы жок 56 адам баш калкалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0