Sputnik испан тилинде мультимедиалык кызматын баштады

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүПрезентация крупнейшего международного информационного бренда "Спутник"
Презентация крупнейшего международного информационного бренда Спутник - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Испан тилиндеги мультимедиа кызматы Sputnik Novosti жаңылыктар түрмөгүнө жазылган кесипкөйлөр менен катар пайдалануучулардын кеңири катмарына, Sputnik Mundo сайтын колдонуучуларга жана Sputnik радиосун угуучуларга багытталган маалыматтарды биринчи булактан алып сунуштайт.

БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Sputnik мультимедиалык топ бейшемби күнү испан тилинде мультимедиалык кызматын баштады. Оригиналдуу маалыматтык мазмундагы Sputnik Novosti жаңылыктар түрмөгүнө Sputnik Mundo веб-сайтын жана Sputnik радиосун өзүнө камтыган Servicio Espanol Sputnik мультимедалык кызматтын бет ачары бүгүн Москва убактысы боюнча саат 13.00дө "Россия сегодня" ЭМА эл аралык мультимедиа басма сөз борборунда өттү.

"Sputnikтин жаңылыктары испан тилинде жаралат, себеби аларды которууга болбойт деп эсептейбиз. Биз окуяларды, анын катарында башка да ЖМКларда орун табылбаган жаңылыктарды да чагылдырууга карата ар түрдүү көз караштар менен пикирлерди беребиз", — деди испан тилдүү Servicio Espanol Sputnik мультимедиа жаңылыктар кызматынын жетекчиси Мигель Бас.

Испан тилиндеги мультимедиа кызматы Sputnik Novosti жаңылыктар түрмөгү жазылган кесипкөйлөр менен катар пайдалануучуларынын кенен катмарына, Sputnik Mundo сайтын колдонуучуларга жана Sputnik радио угуучуларына арналган маалыматтарды биринчи булактардан алып сунуштайт. 80ден ашуун чет өлкөлүк кабарчылар эксклюзивдүү жаңылыктар контентин, фотоматериалдарды жана радиопрограммаларды даярдайт. Sputnik Mundoнун Москвадагы редакциясы күнү-түнү иштейт, ал эми 2015-жылдан тартып мультимедиалык редакция Монтевидео менен Буэнос-Айресте да өз ишин баштайт.

Sputnik Novostiге испан тилиндеги жаңылыктык онлайн-терминалы аркылуу, электрондук почта же ftp аркылуу кирүүгө болот. Жазылуу боюнча суроолор менен: sales@sputniknews.com дарегине кайрылса болот. 

Радио аркылуу испан тилинде кайра алып берүүлөр Москвада жүрөт, ал эми жакында Латын Америкасында да жүргүзүлөт. Радио обонун кызматтын сайты аркылуу тапса болот, ошол эле жерде угуучулар күндүн башкы окуялары тууралуу "Чекит" саясый программасы, дүйнөнүн булуң-бурчтарында болуп жаткан маанилүү окуялар боюнча серепчилердин аналитикалык баа берүүлөрү менен комментарийлери камтылган "Эмне болуп жатат" берүүсү, спорт жана маданият тууралуу программа сыяктуу популярдуу берүүлөрдү, ошондой эле 80 жылдан ашуун убакыт бою Москвадан испан тилинде берилип келген орус адабият, музыка, маданиятынын алтын фондунан алып берилүүчү ("Москва алтыны" архивдик программасын испан тилинде уга алышат. 

Sputnik — мультимедиалык тобу ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар маалымат агенттиги жана радио. Бул четөлкөлүк аудиторияга багытталган маалымат жайылтуу каналдарынын башкы сайты – sputniknews.com, 30 тилдеги аймактык сайттары, аналогдук, санариптик радиоберүүлөр, уюлдук тиркемелери, жана социалдык түйүндөрдөгү беттери. Кесипкөй пайдалануучулар үчүн Sputnik News Service жаңылык тасмалары күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде чыгып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0