10:37 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Шеврон сотрудника милиции

Милиция кызматкерлерине жеке ишкердик субъектилерди текшерүүгө тыюу салынды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
16 0 0

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев милициялардын бизнес түзүмдөрүн текшерип, алардын ишкердүүлүгүнө байланышкан ар кандай документтерди талап кылууга тыюу салууну ИИМге тапшырды.

БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. КР премьер-министри Жоомарт Оторбаев милиция кызматкерлери ишкердик субъектилерди текшерүүгө тыюу салуу боюнча тапшырманы ички иштер министри Мелис Турганбаевге тапшырды. Өкмөт тараптан жасалып жаткан бул аракетке ишкер чөйрөсү жана экономисттер кандай карайт деген суроого жооп издедик.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Руслан Акматбек ишкерлерди текшерүүгө укуктуу органдардын тизмесинде ички иштер министрлиги башынан эле жок болгондуктан, алардын текшерүүгө такыр укугу жок экенин айтты.

"Алар өзүм билемдик менен мыйзамды бузуп текшерип атат. Буга чейин алардын тийиштүү бөлүмдөрүнүн текшергенге укугу бар болчу. Азыр болсо жок. Бирок, министрликтин бир катар бөлүмдөрү кыйыр түрдө текшерип атышат. Өзгөчө Кыргызстандын аймактарындагы майда соодагерлерди жана чакан бизнес ээлерин байма-бай текшерет. Анткени, ишкерлердин өз укугун толук билбегендиктен пайдаланышат. Ишкерлер да өз укугун билбегендиктен, ушундай текшерүүлөргө жол беришет", — дейт ал.

Руслан Акматбек мындай мыйзамсыз текшерүүлөрдөн арылуу үчүн ар бир ишкердин өз укуктарын толук билишин камсыздоо жана мындай ишке барган ички иштер органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу зарыл, ошондо гана бул көрүнүш тыйылат деп эсептейт.

Ал эми экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов өкмөт тарабынан жасалып жаткан бул аракет колдоого аларлык экенин белгилейт.

"Негизи эле милиция кызматкерлери ишкерлердин жумушуна кийлигишпеши керек. Алар өз милдеттеринен аша чаап, кээ бир ишкерлердин патенттерин, салык төлөгөнү боюнча документтерин текшерген учурлар көп эле. Эгер өкмөт чакан ишкердикти өнүктүрөм, аны колдойм десе текшерүүчү органдардын санын кыскартышы керек. Текшерүү канчалык көп болгон сайын ишкердик жүргүзүп аткандарга ошончолук тоскоолдук жаралат", — дейт ал.

Идинов өз сөзүндө мамлекет ишкерлерди "каралардын" таасиринен да колдошу керектигин, ал мамлекеттин милдети экенин баса белгиледи. "Ошондой эле, "милицияны текшербе дедик, эми алар текшербей калат" деп отура бербестен, жеке ишкерлердин "үлүшүнө" отуруп жүргөн "каралардан" да коргоо керек", — дейт ал.

Тема боюнча

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча жарыяланган тендер 29-ноябрда аяктайт
Москвада кылмыштуулука каршы күрөшүү жолдору талкууланды
Белгилер:
ИИМ, Мелис Турганбаев, Жоомарт Оторбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ