Атамбаев адистештирилген 19 мекемеге материалдык жардам берди

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүАрхив: работа общественного реабилитационного трудового центра для инвалидов
Архив: работа общественного реабилитационного трудового центра для инвалидов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн адистештирилген 19 мекемеге жалпы суммасы 7 250 000 сомдук материалдык жардам көрсөтүлдү.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. 2014-жылдын 3-декабрында Майыптардын эл аралык күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн адистештирилген мекемелерге акча сертификаттары тапшырылды. Бул туурасында Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Свердлов райондук администрациясы майыптарга жардам көрсөттү
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Социалдык коргоо жана колдоо көрсөтүү боюнча президенттик фонддон жалпы суммасы 7 250 000 (жети миллион эки жүз элүү миң) сомду түзгөн материалдык жардам көрсөтүлдү. Аны алуучулардын арасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн адистештирилген 19 мекеме бар.

Буга чейин адистештирилген мекемелер тарабынан берилген суроо-талаптарга ылайык аларга керектүү тиричилик техникалары, эмерек жана төшөнчү-шейшептер сатылып алынмакчы. 

Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев президент Алмазбек Атамбаевдин атынан адистештирилген мекемелердин жетекчилерине жылуу сөзүн айтып, алардын өз карамагындагы балдарды тарбиялап, окутуп жана руханий жактан өрчүтүү боюнча иш-аракеттерине ыраазычылык билдирди. 

Мындан тышкары, мамлекет башчысы калкты социалдык коргоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ар тараптуу үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүгө ынтызар экендиги белгиленди. 

Архив: майыптар коляскасы - Sputnik Кыргызстан
Ниязалиева: бала майып төрөлбөш үчүн эненин ден-соолугуна кам көрөлү
Балдар үчүн адистештирилген мекемелердин директорлору менен маек учурунда балдарды медициналык тейлөө, аларды кесиптик жактан реабилитациялоо жана коомдо социалдаштыруу маселелери козголду. 

Балдар үчүн адистештирилген мекемелердин жетекчилери балдарга көңүл буруп, жардам көрсөткөндүгү үчүн Алмазбек Атамбаевге ыраазылык билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0