15:40 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Первоклассники на торжественной линейке

Бишкектеги жаңы конуштарда жаңы мектептер салынат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.
Коом
Кыскача шилтеме алуу
24 0 0

Бишкектин тегерек четиндеги жаңы конуштарда мектептер жетишсиз болгондуктан, окуучулар башка жактарга көчүп-конуп окууга мажбур.

БИШКЕК, 8-ноя — Спутник Кыргызстан. Бишкек шаарындагы "Мурас-Ордо" жана "Ак-Босого" жаңы конуштарына 960 орундуу эки жаңы мектеп салынат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелерин куруу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашат. Анын курулушун баштоо кийинки жылга пландалган.

Бүгүнкү күнү имараттар кайсыл жерге курула турганы аныкталып, топографиялык иштери жасалды жана инвесторлор да табылган. Учурда Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилиши үчүн документтер топтолууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын айланасында орун алган жаңы конуштарда мектептер жетишсиз. Ал жактагы окуучулар башка жакка барып окууга аргасыз.

Белгилер:
Жаңы конуштар, Ак-Босого, Мурас-Ордо, Мектеп, Билим, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ