15:37 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
 Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков

Жээнбеков: дин коомдун тынчтыгына кызмат кылышы керек

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев.
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коргоо кеңеши: диний жагдай катуу көзөмөлгө алынат (11)
30 0 0

Дүйшөмбүдө өткөн Коргоо кеңешинин жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков диний уюмдар мамлекеттин өнүгүшүнө кедергисин тийгизбеши керектигин айтты.

БИШКЕК, 4-ноя — Спутник Кыргызстан. ЖК спикери коомдун тынчтыгын камсыз кылууну мамлекет өз мойнуна алгандыктан салттуу агымдарды колдоп, жаңы диний уюмдарды расмий каттоо үчүн аларга коюлчу талаптарды күчөтүү зарылдыгына токтолду. 

"Салттуу болобу, жаңы болобу, бардык диний уюмдар мамлекеттин өнүгүшүнө кедергисин тийгизбөөсү керек. Айтайын дегеним, бир дагы жеткинчек бала светтик билимден четте калбоосу керек. Биздин Конституциябыздын 45-беренесинде «негизги жалпы билим алуу милдеттүү» деп так жана даана жазылып турат. Ошондуктан диний билим берүү иш-аракети мамлекеттик стандарттын өлчөмүндө негизги жалпы билим алууга кедерги болбошу керек. Антпесе, ал диний окуу жайы Конституциянын нормаларын бузган болот, анын мыйзам чегинде жоопко тартылуусу зарыл", – деди Жээнбеков. 

Диний уюмдардын коомдогу ролу, анын коомчулуктун, мамлекеттин өнүгүшүнө көмөктөшүү зарылдыгы туурасында да ЖК спикери пикирин билдирди.

"Кыргыз коому азыркы илимий-техникалык жетишкендиктерди үйрөнүү менен дин тутууну ийгиликтүү айкалыштыруусу зарыл. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттин өнүп-өсүүсүнүн негизги факторлорунун бири – бул дин жаатындагы мамлекеттик саясаттын туура болгону. Мисалы, дин эркиндиги менен бирге математика, физика, техника, медицинанын жетишкендиктерин өздөштүрүүнү айкалыштыра алуу зарыл",– деди ЖК төрагасы Жээнбеков.

Жыйынга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты, "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынын лидери Феликс Кулов биздин мамлекет башкалардын таасирине кабылбоо зарылдыгын белгиледи.

"Кыргызстан ислам дүйнөсүндө бирөөнүн таасиринде болбой, өз алдынчалыгын сактоосу керек. Дегеле, секта деген эмне экендигин конкреттештирүү, мамлекеттик кызматкер менен укук коргоо органдарынын милдеттерин бөлүштүрүү зарыл. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын ролу кандай экендигин аныктап, анын макамын жогорулатуу зарыл. Мен салттуу диндерди колдоону сунуштайм. Мунун менен секталардын күчү жоголот", – деди Кулов.

Тема:
Коргоо кеңеши: диний жагдай катуу көзөмөлгө алынат (11)

Тема боюнча

Диндин улуттук коопсуздукка тийгизчү таасири көңүл борборуна алынат
Атамбаев диний фанатизмди айыптады
Белгилер:
Феликс Кулов, Асылбек Жээнбеков, Коргоо кеңеши

ЭҢ МААНИЛҮҮ