Кармышаков Улукбек Тойчуевич — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековКармышаков Улукбек Тойчуевич
Кармышаков Улукбек Тойчуевич - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Улукбек Кармышаков 1963-жылы 22-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда туулган.
Билими:
  • 1981 — Фрунзе финансы-экономикалык техникумун бүтүргөн;
  • 1989 — Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
Кошумча билими:
  • 1999 — Мамлекеттик ресурстарды пландоо жана башкаруу боюнча окуу семинары, Австрия, Вена шаары;
  • 1999 — Коргонууга кетчү чыгашаларды пландоо жана башкаруу боюнча окуу семинары, АКШ, Монтерей шаары;
  • 2001 — Мамлекеттик чыгашалар саясаты боюнча окуу семинары, Австрия, Вена шаары;
  • 2009 — Мамлекеттик сектордогу бюджеттик процесс боюнча окуу семинары, Швеция, Стокгольм шаары.
Эмгек жолу:
  • 1981-1982 — Ош облусунун Совет райондук статистика бөлүмү, улук экономист;
  • 1983-1985 — Латвия ССРинде Советтик армиянын катарындагы кызмат, взводдун командиринин орун басары;
  • 1989-1993 — Ош облустук каржы башкармалыгы, улук экономист, бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы;
  • 1993-1994 — Ош шаардык каржы башкармалыгы, бөлүм башчынын орун басары;
  • 1994-1995 — Ош облусу боюнча салык полициясы башкармалыгынын уюштуруу-аналитика бөлүмүндө башчы;
  • 1995-1996 — Ош облустук каржы башкармалыгы, башкы контролер-ревизор;
  • 1996-2000 — Финансы министрлигиндеги Коргонуунун жана мамлекеттик аппараттын чыгашаларын пландоо башкармалыгындагы мамлекеттик аппараттын чыгашаларын пландоо бөлүмүндө башчы;
  • 2000-2001 — Каржы министрлигиндеги чыгашалар департаментинин бюджет башкармалыгы, бюджеттик саясатты жана чыгашаларды анализдөө бөлүмүндө башчы;
  • 2001-жылдын март айынан август айына чейин —Каржы министрлигиндеги башкы бюджет башкармалыгы, бюджетти анализдөө бөлүмүндө башчынын орун басары, бөлүм башчы;
  • 2001-2002 —Каржы министрлиги бюджеттик саясат башкармалыгында мамлекеттик бюджет бөлүмү, бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы;
  • 2002-2004 — Каржы министрлиги, аудит жана бухгалтердик эсептин методологиясы кызматында начальник;
  • 2004-2006 — Экономика жана финансы министрлиги, ички аудит бөлүмүндө башчы;
  • 2006-2008 — Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги, коррупциянын алдын алуу боюнча башкармалыктын начальниги;
  • 2008-жылдын июль айынан декабрь айына чейин — Финансы министрлигинин финансылык көзөмөл башкармалыгында начальник;
  • 2008-2009 — Каржы министрлиги, финансылык-бюджеттик көзөмөл башкы башкармалыгы, начальник;
  • 2010-2011 — Каржы министрлиги депозиттерди коргоо агенттиги, башкы аудитор;
  • 2011-2012 — Депозиттерди коргоо боюнча агенттикте башкы аудитор;
  • 2013-жылдын июль айынан ноябрь айына чейин Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы агрардык саясат жана айыл чарба өндүрүшүн стратегиялык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы;
  • 2013-2015 —"РСК Банк" ААК, ички аудит бөлүмүндө аудитор;
  • 2015-жылдын апрель айынан июль айына чейин "РСК Банк" ААК, ички аудит бөлүмүндө начальниктин орун басары;
  • 2015-жылдан 2021-жылдын февраль айына чейин каржы министринин орун басары.
Учурда өкмөттүн жаңы курамына каржы жана экономика министри катары кирди. Ал вице-премьердин да милдетин аткарат.
Финансы-экономика кызматынын отличниги, мамлекеттик кызматтын I даражадагы кеңешчиси
Жаңылыктар түрмөгү
0