Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековБейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич
Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Бейшеналиев 1981-жылы 2-июнда Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн.

Билими:

  • 09.1998 – 07.2001 — Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинен англис тили жана адабияты боюнча билим алган;
  • 09.2001 – 04.2003 — Германия, Штутгарт, Ökumenisches Центрум, немец тили боюнча курста окуган;
  • 04.2004 – 04.2007 — Германия, Людвигсбург, PH-Ludwigsburg педагогикалык университетинде магистрлик даража ыйгарылган (Дидактика жана англис тили);
  • 09.2009 – 09.2011 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде аспирантураны аяктаган. Педагогика илиминин кандидаты даражасы ыйгарылган;
  • 11.2012 – 03.2017 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, докторантурада окуган.

Эмгек жолу:

  • 11.2007 – 05.2010 — Жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) президенти, башкармалыктын төрагасы.
  • 09.2008 – 06.2010 — Эл аралык Ала-Тоо университети, эл аралык мамилелер факультетинде окутуучу;
  • 03.2012 – 01.2013 — Варшавадагы (Польша) Вистула университетинде (Vistula University in Warsaw, Poland) проректор, чет тилдер институтунун директору;
  • 02.2013 – 06.2013 — Түндүк Айова университети (University of Northern Iowa) (Сидер Фоллс, Айова, АКШ) илимий изилдөө боюнча чакыртылган профессор;
  • 06.2013 – 06.2014 — Жонс Хопкинс университетинде (Johns Hopkins University) (Балтимор, Мериленд, АКШ) докторантура жогорку кызматы;
  • 06.2014 – 06.2017 — Эл аралык Ала-Тоо университетинде илим жана сырткы байланыш боюнча проректор;
  • 11.2016 – 09.2017 — Жонс Хопкинс университетинде (Johns Hopkins University), (SAIS) (Вашингтон, АКШ) илимий изилдөө жана окутуу боюнча чакыртылган профессор;
  • 11.2017 – 10.2018-жылга чейин өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
  • 10.2018 — Борбордук Азия регионалдык институтунун директору;
  • 14.10.2020-2021-жылдын апрель айына чейин билим берүү жана илим министри; 
  • 2.06.2021 — Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы өкүлү;
  • 2.08.2021 - Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси. 

Илимий наамдары:

  • Педагогика илимдеринин кандидаты, Жонс Хопкинс университетинин профессору.

Басылмалары:

  • Илимий журналдарда жана китептерде 41 жергиликтүү жана 23 эл аралык макаласы жарык көргөн. 4 илимий басылманын автору.

Изилдөөлөрү:

  • Борбордук Азиянын эгемендүүлүгүнөн кийин билим берүү чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр. Борбордук Азия жана Кыргызстандын тышкы саясатында Америка Кошмо Штатынын орду (тарых боюнча докторлук диссертация).

Лекциялар:

  • 25 эл аралык жана 16 улуттук конференциялардын ишине катышкан.

Сыйлыктары:

  • 2005 — Майне Франкфурт Эл аралык гезитинин сыйлыгы, ФРГ;
  • 2014 — КР Билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси;
  • 2015 — КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы;
  • 2017 — Европа Илимдер Консорциумунун ордени "Laborte de Scienta".

Тил билүүсү:

  • Кыргыз, орус, немис, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0