Шаршембиев Бакыт Нуржанович — өмүр баяны

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГлава Государственного комитета информационных технологий и связи Бакыт Шаршенбиев
Глава Государственного комитета информационных технологий и связи Бакыт Шаршенбиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакыт Шаршембиев 1976-жылы 22-августта Чүй облусунун Панфилов районундагы Күрпүлдөк айылында туулган.

Билими:

1998 — Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетин инженер-конструктор адистиги боюнча аяктаган;

2009 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономика адистиги боюнча магистратураны бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1998 – 2003 — "Кыргызтелеком" ААКтын өндүрүш лабораториясында электромеханик-инженер;

2003 – 2004 — "Кыргызтелеком" ААКтын Сокулук районундагы бөлүмүнүн директор орун басары;

2004 – 2005 — "Кыргызтелеком" ААКтын Москва райондук бөлүмүнүн директор орун басары;

2005 – 2009 — "Кыргызтелеком" ААКтын Панфилов райондук бөлүмүнүн башчысы;

2009 – 2010 — "Кыргызтелеком" ААКтын Бишкек шаардык телефон тармагынын коммерциялык директору;

2010 – 2011 — "Кыргызтелеком" ААКтын Ысык-Көл облусундагы филиалынын башкы директорунун орун басары;

2011 – 2014 — "Кыргызтелеком" ААКтын Ысык-Көл облусундагы филиалынын башкы директору;

2014 – 2015 — "Кыргызтелеком" ААКтын РПО РМТР биримдигинин башкы директору;

2015 – 2016 — "Кыргызтелеком" ААКтын башкаруучулугунун төрагасы;

2016 – 2017 — Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;

20.04.2018 – 21.05.2019 — Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0