Зулушев Курманкул Токторалыевич — өмүр баяны

Жазылуу
Курманкул Зулушев 1970-жылы 12-февралда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Комсомол айылында туулган.

Билими:

  • 1998 — Кыргыз мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча бүтүргөн;

Эмгек жолу:

  • 1987 — Ош облусунун Өзгөн районундагы "Ак-Жар" совхозунда жумушчу;
  • 1988-1990 — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  • 1988-1999 — Ош технологиялык университетинде мугалим, декандын орун басары;
  • 2000 — Нарын районунун прокурорунун стажер-жардамчысы;
  • 2001 — Нарын райондук прокуратурасында тергөөчүнүн стажеру;
  • 2001-2005 — Нарын облусунун Кочкор районунун прокуратурасында тергөөчү жана Чүй облусунун Жайыл районунда прокурордун жардамчысы;
  • 2005-2007 — Чүй облусунун Жайыл районундук прокуратурасында ага тергөөчү, Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору, Чүй облусундагы Сокулук районунун прокуратурасында тергөөчү, транспорттук прокуратурада прокурордун ага жардамчысы;
  • 2007-2013 — Чүй облусунда Сокулук райондук сотунун судьясы;
  • 2013 — Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары;
  • 2015-2020 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат; 
  • 2020-жылдын октябрынан тарта башкы прокурор.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0