Момбеков Рыскелди Чыныбекович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековМомбеков Рыскелди Чыныбекович
Момбеков Рыскелди Чыныбекович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рыскелди Момбеков 1968-жылы 13-октябрда Талас облусундагы Киров районунун Шекер айылында туулган.

Билими:

2003 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн;

2014 —Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын Эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

2010 — Мамлекеттик маданият агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу, Убактылуу өкмөттө Маданият министринин милдетин аткаруучу;

2011-2012 — Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;

2012 — "Учкун" АКтын башкы директору;

2015 — КР Жогорку Кеңештин VI чакырылышына Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан депутат.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0