Матраимов Искендер Исмаилович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Искендер Матраимовдун архивдик сүрөтү
ЖК депутаты Искендер Матраимовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Искендер Матраимов 1962-жылдын 9-октябрында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Агартуу айылында туулган. 1990-жылы Скрябин атындагы Айыл чарба институтун аяктап, зооинженер адистигине ээ болгон. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юриспруденция багыты боюнча экинчи жогорку билимин алган.

Эмгек жолу:

  • 1982 — Кара-Суу районунун Калинин атындагы колхозунун зоотехниги;
  • 1983-1986 — Кара-Суу агроөнөржай биримдигинин зоотехниги;
  • 1986 – 1989 — Кара-Суу району боюнча райондук комсомол уюмунун уюштуруу бөлүмүнүн инструктору;
  • 1989-1991 — Кыргызстан ЛКЖСнын Ош облустук комитетинде уюштуруу бөлүмүндө инструктор, сектор башчы, бөлүм башчы болуп эмгектенген;
  • 1991 — Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин Ош аймактык фондусунун башкы адиси;
  • 1992-1995 — Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин Ош аймактык фондусунун башчысы;
  • 1995-1999 — Кайра түзүү жана ликвидация башкармалыгынын жетекчиси;
  • 1999-2003 — Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары жана башчысы;
  • 2003-2006 — Өкмөткө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы;
  • 2006-2015 — Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
  • 2015 — КСПД партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. "Мамлекеттик кызматтын мыктысы" төш белгисинин ээси.

Жаңылыктар түрмөгү
0