Касымалиева Аида Камчыбековна — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековКасымалиева Аида Камчыбековна
Касымалиева Аида Камчыбековна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аида Касымалиева 1984-жылы 7-августта Ош шаарында төрөлгөн. Оштогу Гагарин атындагы гимназия-орто мектебинде 1991-2001-жылдары билим алган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Эмгек тажрыйбасы:

  • 2004-2008 — "Азаттык+" жаштар радио программасынын координатору жана "Азаттык+" жаштар телепрограммасынын автору жана алып баруучусу, продюсери
  • 2008-2009 — Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Британиялык институттун Кыргызстан жана Казакстан боюнча редактору
  • 2010-2012 — "Азаттык" радиосу, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу, мультимедиа продюсери
  • 2012-2013 — Москвада "Эркиндик" радиосунун кабарчысы
  • 2013-2014 — "Азаттык" радиосунун кабарчысы
  • 2014 — НТС телеканалынын башкы продюсери
  • 2015 — Кыргызстандагы Интерньюс Нетуорк уюмунун грант менеджери, редактор
  • 2015 — КТРК, "Ой ордо" ток-шоусунун алып баруучусу,
  • 2016-2017 — Борбордук Азиядагы Америка университетинде Effective storytelling курсунун окутуучусу

Андан сырткары Al Jazeera English телеканалынын Борбордук Азия боюнча продюсери болуп иштеген.

Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү, бир кыздын энеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0