Кудайбергенова Индира Орозбаевна. Өмүр баяны

© Фото / пресс-служба КГМАИндира Кудайбергенова КГМА ректору. Архив
Индира Кудайбергенова КГМА ректору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индира Кудайбергенова 1956-жылы 24-мартта Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.

Эмгек жолу:

  • 1979 — Бишкектеги республикалык клиникалык ооруканасынын дарыгери;
  • 1983-1985 — клиникалык ординатор;
  • 1985-88 — аспирант;
  • 1988-91— Госпиталдын хирургия кафедрасында ассистенти;
  • 1991-94 — Семашко атындагы Москва медицина стоматология институтунда докторантурада окуган;
  • 1994-97 — Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын Онкология жана нур менен диагноз коюп дарылоо кафедрасында профессор;
  • 1997-2016 — Онкология кафедрасынын башчысы жана Кыргыз онкология жана радиология илимий-изилдөө институтунун директору.
  • 2016-жылдын июль айынан тарта Кыргыз мамлекеттик академиясынын ректору

Жалпы хирургия, маммология, пластикалык хирургия боюнча адис. 25 илимий эмгектин автору. Медицина илимдеринин доктору, профессор.

Жаңылыктар түрмөгү
0