Отунбаев Болот Исакович. Өмүр баяны

© Фото / пресс-служба МИД КРБолот Отунбаев. Архив
Болот Отунбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 1965-жылы 9-мартта Ош шаарында төрөлгөн.

1987-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. 1990-1993-жылдары аталган окуу жайда аспирантурада окуп, тарых илимдеринин доктору болгон. 1993-жылы ушул эле окуу жайдын Жогорку башкаруучулук мектебин аяктаган. 2000-жылы Россиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

 

  • 1987-1990 — Бишкек шаарындагы №67 мектепте мугалим;
  • 1993-1995 — Түркиянын эл аралык кызматташуу агенттигинин Бишкектеги кеңешчиси;
  • 1995-1996 — Түркиянын эл аралык кызматташуу агенттигинин Анкарадагы борбордук кеңсесинде кеңешчи;
  • 1996-1998 — Түркиянын эл аралык кызматташуу агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү;
  • 1998-2003 — Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин биринчи катчысы;
  • 2003-2005 — КР Тышкы иштер министрлигинин батыш мамлекеттери жана ЕККУ башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2005 — КР Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш мамлекеттери башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2005-2009 — Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинде кеңешчи;
  • 2010 — КР Жогорку Кеңешине КСДП партиясынын тизмеси боюнча талапкер;
  • 2010-2012 — КСДП партиясынын республикалык штабында координатор, саясий кеңештин мүчөсү;
  • 2012-2015 — Кыргызстандын Германиядагы толук ыйгарымдуу элчиси;
  • 03.2016 — 01.2019 — Кыргызстандын Россиядагы толук ыйгарымдуу элчиси.
  • 15.01.2019 — Кыргызстандын АКШдашы толук ыйгарымдуу элчиси.

 

Үй-бөлүү, үч уулдун атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0