00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
18:57
2 мин
Утро хорошего дня
Подростковые проблемы через призму искусства - как говорить о сложном?
06:04
43 мин
Күн башат
Калк жашоосун чагылдырган салттуу музыка – Эл ичинен талант издеген сынак
07:04
44 мин
Новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
"Важно не ругать себя за ошибки, а учиться на них" - беседа с писателем
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын ички муктаждыгы үчүн сырттан 350-400 миң тонна буудай алып келинет – арзан буудай алууга ЕАЭБ биримдиги кандай жардам берет?
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Борьба с отходами через ремесло и прикладное искусство
12:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Келишимдерди банктык коштоо деген эмне? Кыргызстанда бул инструмент кандай иштейт?
13:04
21 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
1924-жылы Кыргыз элинин мамлекеттүлүгүнүн кайра калыбына келиши
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү байкалган — Кыргызстанда бул баалар канчага өстү?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санарип акчалар банктык системаны алсыратабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Мекенинде ийгиликтүү ишкерге айланган мурдагы мигрант
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү байкалган — Кыргызстанда бул баалар канчага өстү?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Салижан Жигитов — өмүр баяны

© Фото / Манасбек МусаевПисатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов
Писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында төрөлгөн. 2006-жылы 11-февралда Бишкек шаарында каза болгон. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1959-жылы аяктаган.

Эмгек жолу: 

Салижан Жигитов эмгек жолун 1959-жылы мектепте мугалимдиктен баштаган. 

 

  • 1961-1962 — Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, сектор башчысы;
  • 1966-1973 — КМУнун окутуучусу;
  • 1974-1978 — Кыргыз совет энциклопедиясында башкы редактордун орун басары;
  • 1978-1992 — Тил жана адабият институтунда сектор башчысы;
  • 1992-1993 — КР президентинин кенешчиси;
  • 1993 — КРдин Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
  • 1996-2000 — Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин проректору;
  • 2000 — Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору болуп иштеген.

 

Чыгармачылыгы:

Анын алгачкы ырлары, сын макалалары 1950-жылдары чыга баштаган. Ырлары сезимталдыгы, ачык-айрымдыгы менен өзгөчөлөнөт. Ал көркөм пародиянын да чебери болгон. 

1971-жылы "Ыймандай сырым менин" аттуу алгачкы ыр жыйнагы жарык көргөн. "Ырлар жана жылдар" (1972), "Жаңычылык жолунда" (1975), "Көркөм сөз маселелери" (1982), "Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары" (1990) адабий сын макалалар жыйнактары бар.

Жазуучу Салижан Жигитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салижан Жигитов аганын күлкүсүнөн…
"20-жылдардагы кыргыз адабияты" (1994), "Обретение новых традиций" (1994), "Акындын экинчи өмүрү" (1998) монографияларында кыргыз жазма адабиятынын жаралуу, калыптануу жана өнүгүү маселелерин, фольклор менен адабияттын карым-катышын, көркөм адабияттын коомдук турмуштагы ордун, поэзиядагы салттык жана жаңы көрүнүштөрдү, ошондой эле бир катар кыргыз акын-жазуучуларынын (А.Осмонов, С.Карачев, К.Тыныстанов ж.б.) чыгармачылыгын изилдеп, калыс баа берген. 

Жигитов кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы көп томдуу улуттук-универсал энциклопедияны чыгарууга, энциклопедиялык стилдин калыптанышына зор эмгек сиңирген. Өткөн мезгилдеги өлкөнүн коомдук саясий турмушунун орчун маселелери жөнүндө макалаларды, ошону менен катар адабият тарыхын жаңыча талдап – түшүнүүгө арналган бир нече эмгек жазган. 

"Күн тууду" ("Ит икаясы") повестинин автору. Ал Антуан де Сент-Экзюпери, Назым Хикмет, Мустай Каримдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Наамдары:

 

  • 1992 — филология илимдеринин доктору;
  • 1994 — КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты;
  • 1999 — профессор;
  • 2005 — Кыргыз эл жазуучусу.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0