Султанов Акылбек Шакирович. Өмүр баян

Жазылуу
Кыргызстан социал демократиялык партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп шайланып келген Акылбек Султанов 1965-жылдын 18-мартында Ош областындагы Кара-Суу районунун Ак-Жар айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1990-жылы Жалал-Абад зооветтехникумун «техник-электр-механик» адистиги боюнча, 2009-жылы Ош технологиялык университетин "экономист" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1984-жылы Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр совхозунда айыл чарба машиналарынын слесары болуп иштөөдөн баштаган. 1984-1986-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 

Кызмат өтөгөндөн кийин 1987-жылдан тартып 1988-жылга чейин Кара-Суу мамлекеттик малды интенсивдүү бордоп семиртүү боюнча атайын чарбада улук жумушчу болуп иштеген.

  • 1988 – 1993 — Кара-Суу районундагы "Катта-Талдык" кой чарбачылыгы жана мал чарбачылыгы боюнча тажрыйба станциясында жумушчу-спорт инструктору жана кассир;
  • 1993 – 1996 — "Россия-Кыргызстан" биргелешкен ишканасында бухгалтер; 
  • 1996 —2005 — "Мааткерим" фермердик ишканасында директордун орун басары;
  • 2005 – 2009 — "Жаңы Доор" ЖЧК пахта тазалоо заводунун директору;
  • 2007 — Ош шаардык кеңешинин депутаты;
  • 2009 – 2010 — "Түштүк кыргыз цемент" ЖАКынын ишин камсыз кылуу боюнча директор;
  • 2010-жылдын октябрында Кыргызстан социал демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланган. Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү.
  • 2015-жылдын октябрь-ноябрь айларында КСДПдан келген Жогорку Кеңештин депутаты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы (2009), КР ИИМнин Ардак грамотасы (2010), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2010) менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0