Муратбеков Канатбек Камбарбекович. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Канатбек Муратбеков. Архив
Депутат Канатбек Муратбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канатбек Муратбеков 1970-жылы 1-апрелде Кемин районунун Борду айылында туулган.

Билими жогору. 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин бүтүргөн. Жумгал районунун ардактуу жараны.

Эмгек жолу:

  • 1995-1997 —жеке ишкер, дыйкан чарбасы
  • 1997-2001 — директордун маркетинг боюнча орун басары, "Универсал Тур" эл аралык туристтик компаниясы
  • 2001-2005 — "Циркон" соода базасынын директору, Кызыл-Ордо (Казакстан)
  • 2005-2008 — "Рай-Сай" соода базасынын директору, Чымкент (Казакстан)
  • 2008 — "Дениджо" соода базасынын директору, Семей (Казакстан)
  • 2009-жылдан азыркы мезгилге – директор ADEMA импорттук-экспорттоо компаниясынын директору (Үрүмчү, КЭР)
  • 2011-2012 — Нарын облусунун губернатору
  • 2012 — өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү
  • 2013-2014 — КРдин энергетика жана өнөр жай министринин орун басары 
  • октябрь, 2015 — "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
  • 2015-жылы декабрь айынан тарта депутаттык мандатын тапшырып, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы болуп дайындалган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0