Арапбаев Азамат Абдуллажанович. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Азамат Арапбаев. Архив
Депутат Азамат Арапбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азамат Арапбаев 1970-жылы 1-октябрда Жалал-Абад шаарында төрөлгөн.

1993-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтун "инженер-гидротехник" адистиги боюнча аяктаган. 2004-жылы КР ТИМдин Дипломатия академиясынан эл аралык мамилелер адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу: 

  • 1993-1996 — "Ош-Интур" туристтик фирмасынын директорунун орун басары
  • 1996-1999 — Malabar Trading Co LTD компаниясынын Кыргызстан боюнча директорунун орун басары
  • 1999-2000 — "Талас-Ош" ЖЧКсынын директорунун орун басары
  • 2000-2002 — "Ош-Арагы" ЖЧКсынын жетекчиси
  • 2000-2005 — Ош облустук кеңешинин депутаты
  • 2003-2004 —"Алтын-Суу" АК башкармалыгынын төрагасы
  • 2004-2008 — "Даннур-Юг" ЖЧКсынын директору
  • 2005-2008 — "Южный комбинат строительных материалов" ЖЧКсынын башкы директору
  • 2007-2008 — Ош шаардык кеңештин депутаты
  • 2008-2010 — IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты
  • 2010-2012 — Жогорку Кеңештеги отун энергетикалык комплекси жана жер байлыгын колдонуу комитетинин төрагасы. 
  • 2012-2015 — Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары комитетинин мүчөсү.

Арапбаев 2015-жылы "Ата Журт" фракциясынан КСДП партиясына өтүп, ушул эле жылкы парламенттик шайлоодо КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.


Жаңылыктар түрмөгү
0