Абибилла Кудайбердиев 1962-жылы 1-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айылында туулган. 1983-жылы Алматыдагы жогорку жалпы аскердик окуу жайын аяктап, 2003-жылы Россиянын жалпы аскердик академиясын бүтүрүп чыккан.
Эмгек жолу:
- 1983-1994 — мотоаткычытар взводунун командиринен тартып аскер топторунун командирине чейинки кызматтарды аркалаган;
- 2007-2008 — Коргоо министрлигинин түштүктөгү аскер топторунун кол башчысы;
2008-2009 — КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Бишкектеги жогорку аскердик окуу жайынын жетекчиси;
2009-жылы КР президентинин буйругу менен Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси, коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалган;
2010-2011 — Кыргызстандын коргоо министри;
2014-жылы апрелде өкмөттүн курамы жаңы түзүлгөндө кайтадан КР коргоо министри болуп дайындалган;
1999-2000 — жылдары Баткен облусундагы согушкерлерди жок кылуу боюнча аскердик иштерге катышкан. Генерал-майор аскер наамын 2007-жылы алган.
Үчүнчү даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган жана башка наамдары бар.
Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.